Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 4203-VI
"Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 30-декабрындагы № 732 токтому) "Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. "Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3993-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |