Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 4177-VI
"Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4572-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү чараларды көрсүн:
- экономиканын байкалбоочу секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан жана Мамлекеттик бажы кызматынан салыктык келип түшүүлөрдүн болжолун 2000000,0 млн. сомго чейин көбөйтүү боюнча;
- бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди кайра кайтаруудан жана мөөнөтү өткөн карыздардан келип түшүүлөрдү көбөйтүү боюнча;
- бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын аткаруу жана улуттук валютага карата алмаштыруу курсуна байланышкан мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча тобокелдиктер боюнча;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелик дараметин жогорулатуу саясатынын чараларынын коштоосусуз теңдөөчү трансферттердин жалпы чоңдугун төмөндөтүүгө жол бербөө боюнча;
- медикаменттерди жана жабдууларды кошуп алганда, инфекциялык оорулар менен күрөшүүнүн заманбап каражаттары менен жабдылган адистештирилген инфекциялык медициналык мекемелердин тармагын каржылоону камсыз кылуу боюнча;
- чет өлкөлүк кредиттерди эсептен чыгаруу жана аларды кайтаруунун мөөнөттөрүн узартуу боюнча эл аралык каржылык институттар жана донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча;
төмөнкү маселелерди карасын:
- кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жол-жоболоштуруудан мамлекеттик алымдардын өлчөмүн көбөйтүү;
- бажылык жол-жоболоштуруудан (бажыдан чыгаруудан) өтпөгөн товарларды мамлекеттик органдардын сатып алуусуна тыюу салууну белгилөө;
- мамлекеттик органдардын айрым функцияларын жана айрым кызмат көрсөтүүлөрдү (транспорттук жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү) аутсорсингге өткөрүп берүү;
- (абзац КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4572-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- айыл чарбасы жана саламаттык сактоодо дары-дармек каражаттары боюнча КНС ордун даректүү толтуруу үчүн каралган жеңилдиктерди кошпогондо, бардык салыктык жеңилдиктерди жокко чыгаруу:
- онкологиялык ооруларды дарылоого чыгашаларды көбөйтүү.
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4572-VI токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |