Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-ноябры № 4185-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-январындагы № 4331-VI токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:
- Н.В. Никитенко – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы;
- К.Р. Сыдыков-Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
- У.О. Ниязбеков – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри.
- М.К. Жеенчороев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4.Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.И. Бакиров
|