Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-январы № 4331-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4185-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4185-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“-К.Р. Садыков – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;”;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“-М.К.Жеенчороев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.”.
Төрага | А.К. Касымалиева |