Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 4225-VI
"2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4157-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4157-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктунда "5-декабрь" деген сөздөр "19-декабрь" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |