Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-декабры № 4211-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер:
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Суу жөнүндө", "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4157-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын улутташтырылган объекттер боюнча чечимин ишке ашыруу бөлүгүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3020-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |