Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 4220-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:
С.К.Нышанов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
Н.К.Алимбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы;
А.Б.Калматов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
К.К.Ботобаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Т.М.Токтогазиев - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |