Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 22-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 31-марты № 9
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1999-ж., № 3, 84-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-статьянын биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Атайын фондго" деген сөздөр "Токтогул районунун бюджетинин Атайын фондусунун эсебине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |