Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-декабры № 4247-VI
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2020-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтому) “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен кабыл алынсын:
-республикалык бюджеттин кирешелери 172 891 648,6 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 27,2% салыштырма салмакта, 2022-жылга болжол 174 209 873,5 миң сом суммасында, 2023-жылга - 174 972 030,3 миң сом суммасында;
-республикалык бюджеттин чыгашалары 181 354 848,5 миң сом жалпы суммада, ИДӨ карата 28,6% салыштырма салмакта, 2022-жылга болжол 181 339 659,5 миң сом суммасында, 2023-жылга - 179 418 205,8 миң сом суммасында;
-республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектүү өлчөмү 8 463 199,9 миң сом суммасында, ИДӨ карата 1,3% салыштырма салмакта, 2022-жылга тартыштыктын болжолу 7 129 786,0 миң сом суммасында, 2023-жылга - 4 446 175,6 миң сом суммасында;
-тартыштыкты жабуунун ички булактары боюнча терс сальдо 1 131,9 млн. сом суммасында, тышкы булактары боюнча оң сальдо 9 595,1 млн. сом.суммасында;
-шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү бюджеттери үчүн жалпы мамлекеттик салыктык келип түшүүлөрдөн 2021-жылга чегерүүлөрдүн нормативдери “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 10-беренесине ылайык белгиленген;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү 2021-жылга – республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынын 0,02%нан ашпайт же 30,0 млн. сом, 2022-жылга – 30,0 млн сом суммасында, 2023-жылга – 30,0 млн. сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
-төмөнкү чараларды көрсүн:
ушул токтомго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын (1, 2-тиркемелер) аткаруу боюнча; 2021-жылдын 1-апрелине карата алар жөнүндө маалымат берсин;
“Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын корутундусунда көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруу боюнча;
салык салынуучу базанын өсүшүнө түрткү берүү жана бизнес үчүн адилет атаандаштык чөйрөнү түзүү, бюджеттин кирешелерин тескөөнү жакшыртуу боюнча;
республикалык бюджеттин кирешесине салыктык, салыктык эмес жана бажылык төлөмдөрдүн толук түшпөй калуу тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча;
калкка социалдык жардамдын даректүүлүгүн күчөтүү жана аларды берүүнү заманбап санариптик технологияларга жана ведомстволор аралык электрондук форматта өз ара аракеттенүүлөргө өтүү жолу менен жакшыртуу боюнча;
мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ишмердиктин өнүмдүү эмес түрлөрүн жана сапатсыз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кыскартуу боюнча;
чакан жана орто бизнес субъекттери үчүн жетиштүү финансылык кредиттик ресурстарды камсыз кылуу максатында карыздык милдеттенмелерди реструктуризациялоо жолу менен “Ишкердүүлүктү Өнүктүрүү Фонду” ААК уставдык капиталын кайра инвестициялоо боюнча;
Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте жүргүнчү ташуучу муниципалдык транспортто акысыз жүрүүгө 1, 2, 3-топтогу майыптарга, жалпы белгиленген пенсия курагына жеткен аскер пенсионерлерине жеңилдик алуучунун жеке картасын берүү боюнча;
Кызыл-Тоо өткөрмө пунктун ачуу боюнча:
-салыктык жөнгө салуунун санариптик жол-жоболорун киргизүү боюнча жумушту тездетсин;
-жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын минималдык мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык финансылоону камсыз кылуу үчүн теңдөөчү трансферттерди эсептөөнүн методикасын жана формуласын кайра карасын;
-маалыматтарды автоматташтыруу жана ага жеткиликтүүлүктү камсыздоо жолу менен эсептешүүлөрдүн айкындуулугун жана ачыктыгын жогорулатсын;
-өлкөлүк артыкчылыктарга туура келүүнүн, аларды ишке ашыруунун жана финансылык камсыздоонун мүмкүндүгүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык тармактык программаларын инвентаризациялоону жүргүзсүн;
-социалдык сектордун, биринчи кезекте саламаттык сактоо чөйрөсүнүн эң чукул программаларын финансылоонун зарыл көлөмүн камсыз кылсын;
-бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча мониторинг тутумун киргизүү жана ушул негизде бюджеттик каражаттарды андан ары бөлүү жагында чечим кабыл алсын;
-жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине квалификациялык категория үчүн ай сайын үстөк төлөмдөрдү төлөө үчүн акча каражаттарын карасын;
-бюджетке карыздык жүктүн өсүшүн эске алуу менен, мамлекеттик инвестициялык программаларга тышкы жардамды тартуу керектөөсүнүн жана мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун натыйжалуулугун талдоонун артыкчылыктарын аныктасын;
-“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча объектилердин тизмесин республикалык бюджет жөнүндө ар жылдык мыйзамынын долбоорун өзүнчө тиркеме катары толуктасын;
-төмөндөгүлөрдү иштеп чыксын жана киргизсин:
мамлекеттик мүлктү жана активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын ишин жакшыртуу боюнча чаралардын комплекстүү программасын;
мамлекеттик жана муниципалдык менчикти ижарага берүү боюнча айкын электрондук тутумду жарандык (коомдук) контролдоонун механизмин;
бюджеттик ресурстардын чектелгендигинен улам, коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо жана кармап туруу үчүн финансылоонун альтернативдик механизмдери (аутсорсинг, МЖӨ, коомдук мобилизация жана башкаруу д.у.с.) боюнча чараларды;
глобалдык экологиялык демилгелерден каражат тартуу жана айлана-чөйрөнү коргоонун жана экологиянын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын;
калктын муктаж категорияларына коммуналдык кызматтарды көрсөтүүгө төлөмдөрдү этап менен монетизациялоо сунуштарын;
салык төлөөдөн бошотуунун ордуна жеңилдетилген салык салууну белгилөөчү Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун;
-каражаттарды бөлүү жөнүндө төмөнкүдөй маселелерди карасын:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-1-беренесин аткаруу үчүн 5,0 млн. сом суммасында;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган каражаттардын эсебинен, рельефтик-чекиттүү Брайль шрифти боюнча басылып чыккан окуу китептерин чыгаруу үчүн 4,0 млн сом суммасында;
БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясын жүзөгө ашыруу үчүн 100,0 млн. сом суммасында;
“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аймактык структураларынын административдик жана турак жай имараттарын курууга;
Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “ШКУ балдары илим жана технология дүйнөсүндө” эл аралык конкурсун өткөрүү үчүн 8,0 млн сом суммасында;
А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына Кыргыз Республикасынын жана КМШнын мезгилдүү басылмаларына жазылууга 2,0 млн. сом суммасында;
Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө;
Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасына 64,2 млн. сом суммасында;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине 2020-жылга бекитилген бюджеттин деңгээлинде жолдорду куруу жана оңдоо боюнча кредитордук карыздарды жабууга 200,0 млн сом суммасында;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 214,4 млн сом суммасында;
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоону бүткөрүүгө 64,2 млн сом суммасында;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине суу чарба объектилерин вегетация мезгилине даярдоо үчүн 161,4 млн сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жазуу жүзүндө келип түшкөн жана стенограммага ылайык жыйналышта айтылган сунуштарды эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.И. Бакиров |