Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-ноябры № 4164-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2020-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 18-майында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Орто-Сай рыногунун аймагында болуп өткөн өрттүн, күйүүнүн себептери жана курулуш жана турак жай объекттерине карата жүргүзүлүүчү өрткө каршы коопсуздуктун алдын алуу чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы тууралуу;
Тамак аш азыктарына баалардын кескин өсүшүнүн себептери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |