Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-январы № 4351-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4185-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4185-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Төрага | А.К. Касымалиева |