Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-апрели № 3688-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 80 Жарлыгын бекитүү тууралуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаганына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекция учурларынын табылганына байланыштуу (2020-жылдын 18 мартынан тартып 28-апрелине чейин жарандардын ооруну жуктуруп алган 708 фактысы ырасталды), жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында коронавирус инфекциясынын массалык жайылышына жол бербөө боюнча өзгөчө чараларды көрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 80 Жарлыгы менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында киргизилген өзгөчө абал режими 2020-жылдын 10-майынын 24.00 саатына чейин узартылды.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5 жана 13-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктун, 120-беренесинин 2, 4, 5 жана 6-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 80 Жарлыгы бекитилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине кабыл алынган чечим жөнүндө 3 сааттын ичинде кабарлоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына тапшырылсын.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | Д.А. Джумабеков |