Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-февралы № 4404-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Улукбек Асамидинович Мариповду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана алардын кайра кайтарып берилишин камсыз кылуудагы кызматташуусу жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага | Т.Т. Мамытов |