Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-февралы № 4410-VI
"2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 27-июлундагы № 398 токтому) "2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине-катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Т.Т. Мамытов |