Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-февралы № 4422-VI
"Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча Мамлекеттик комиссия түзүү тууралуу".
2. 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары:
А.Т.Алтыбаева;
Ө.М.Бакиров;
С.К.Ибраев;
Р.Ч.Момбеков;
"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары:
А.К.Дюшалиев;
У.Т.Кыдыралиев;
З.Э.Шарапов;
"Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары:
У.О.Самаев;
З.С.Эсенаманов;
"Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты:
Н.И.Арзыбаев;
"Бир Бол" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты:
А.У.Жапаров;
"Ата Мекен" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты:
К.К.Иманалиев;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу боюнча);
экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча).".
3. Токтом төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаров Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Т.Кыдыралиев - төраганын орун басары болуп шайлансын.".
4. 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- Мамлекеттик комиссиянын ишин каржылоону жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу үчүн жооптуу мамлекеттик органды аныктоо.".
Төрага | Т.Т. Мамытов |