Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 25-июну № 3966-VI
2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 350 токтому менен жактырылган 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Программанын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги 1-тиркемеде:
17 жана 18-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 38 жана 39-пункттар менен толукталсын:
"
38 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан аянты 11,029 га жер участогу (кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги менен) |
39 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 9,32 га жер участогу (кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги менен) |
";
2) Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги" 2-тиркемеде:
3, 9, 11, 12, 15, 16, 23, 24, 25, 27 жана 28-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 36 жана 37-пункттар менен толукталсын:
"
36 | "Нарынгидроэнергокурулуш" ААКнын акцияларынын 96 пайызы |
37 | "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ААКнын акцияларынын 71,3794 пайызы |
".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын аткаруунун жыйынтыктары боюнча отчет берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Д.А. Джумабеков |