Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-февралы № 4416-VI
"2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 4-декабрындагы № 593 токтому) "2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Т.Мамытов |