Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 31-марты № 4484-VI
Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жанакүйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А. Турдубаевдин Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, жазгы-талаачылык жумуштарда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана республиканын керектөөчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен ишенимдүү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А. Турдубаевдин Кыргыз Республикасынын мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) керектөөчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылсын;
2) “Мунай жана газ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
3) мазутту кошпогондо, чийки мунайды жана мунай заттарын экспорттоого тыюу салууну киргизүү жолу менен, Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоого багытталган комплекстүү чараларды көрсүн жана алардын аткарылышын катуу контролдоону камсыз кылсын;
4) күйүүчү-майлоочу материалдардын тартыштыгына жана аларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
5) транспорттук чыгымдарды төмөндөтүүнүн эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды төмөндөтүү боюнча толук чараларды көрсүн;
6) ички рынокту мунай продуктылары менен камсыз кылуу максатында мунайды жана газды алуунун көлөмдөрүн олуттуу көбөйтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
7) кызыкдар министрликтер менен биргеликте 2021-жылга күйүүчү май ресурстарын алымсыз импорттоо жөнүндө маселени иштеп чыксын;
8) геологиялык издөөгө, чалгындоого жана мунай жана газ чыккан жаңы жерлерди ачууга инвестицияларга түрткү берүү программасын иштеп чыксын;
9) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан (мунай зат жана газды изилдөөгө, чалгындоого жана казып алууга) жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиялардын инвентаризациясын жүргүзсүн;
10) Кыргыз Республикасынын аймагына мунай заттарынын контрабандалык жол менен киришине бөгөт коюу боюнча ишти күчөтсүн;
11) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында күйүүчү-майлоочу майлардын мыйзамсыз сатылуусуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрсүн;
12) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө 2021-жылдын 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О.Сыдыгалиев |