Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-февралы № 4420-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Эргешев Алмазбек Манасбекович жана Масалиев Исхак Абсаматович Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Асылбаева Гюльшат Кадыровна жана Самаев Урматбек Обозбекович Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин;
2. "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 33-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Джумабеков Дастанбек Артисбекович жана Зулушев Курманкул Токторалыевич Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Мамытов Талант Турдумаматович Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана ал делегация башчысы болуп бекитилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 34-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Джумабеков Дастанбек Артисбекович, Асылбаева Гүлшат Кадыровна жана Масабиров Таалайбек Айтмаматович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Мамытов Талант Турдумаматович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамына киргизилсин жана ал делегация башчысы болуп бекитилсин.
4. "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Джумабеков Дастанбек Артисбекович Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Мамытов Талант Турдумаматович Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана ал делегация башчысы болуп бекитилсин.
5. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Джумабеков Дастанбек Артисбекович, Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович жана Гайпкулов Искендер Торобаевич Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Гайпкулов Искендер Торобаевич социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Мамытов Талант Турдумаматович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана ал делегация башчысы болуп бекитилсин.
6. "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Төлөнов Данияр Эрмекович Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
7. "Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 38-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Джумабеков Дастанбек Артисбекович жана Жамалдинов Зиядин Исламович Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Мамытов Талант Турдумаматович Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана ал делегация башчысы болуп бекитилсин.
8. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 39-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Джумабеков Дастанбек Артисбекович, Садык Шер Нияз жана Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Садык Шер Нияз социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Мамытов Талант Турдумаматович Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана ал делегация башчысы болуп бекитилсин.
9. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Мамытов Талант Турдумаматович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын башчысы болуп бекитилсин;
Джумабеков Дастанбек Артисбекович, Жунус уулу Алтынбек, Казакбаев Руслан Айтбаевич жана Исмаилова Аида Жекшенбаевна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Жунус уулу Алтынбек экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Казакбаев Руслан Айтбаевич саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Исмаилова Аида Жекшенбаевна социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Мамытов Талант Турдумаматович коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын.
10. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна, Турсунбеков Чыныбай Акунович, Самаев Урматбек Обозбекович жана Жунус уулу Алтынбек Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын;
1.2. пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
11. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2161-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;
Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасы болуп шайлансын.".
Төрага |
| Т.Т.Мамытов |