Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 1550-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө 2017-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген маселелерди жүргүзүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Д. Толонов
|