Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 1710-VI
Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана коргоону камсыз кылуу, алардын алдын алуу, ошондой эле республиканын суу чарба объекттерин коргоо иштерин жүргүзүү үчүн жумшалуучу Мамлекеттик бюджеттик резервден 23,0 млн. сом суммасындагы кошумча каражаттарды, анын ичинде төмөнкүлөргө бөлүүгө макулдук берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментине республиканын суу чарба объекттерин коргоо иштерин жүргүзүүгө 65,0 млн. сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана четтетүү боюнча иштерди жүргүзүүгө 165,0 млн. сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдары болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдө Мамлекеттик бюджеттик резервден 230,0 млн. сом суммасындагы бөлүнүүчү каражаттарды карасын.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Ч.Турсунбеков |