Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-декабры № 4524-V
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 22-августундагы № 481 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2015-жылга республикалык бюджетте 1050,0 млн. сом суммасында кошумча табылган каражаттарды төмөнкү багыттар боюнча карасын:
- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 2015-жылга республикалык бюджеттен каржыланган тизмекке киргизилүүчү объектилердин курулушуна, реконструкцияланышына жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен алдыдагы жылдарга каралган объектилерди аяктоого - 600,0 млн. сом;
- республикалык бюджеттен дотация алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына стимулдоочу (үлүштүк) гранттарды каржылоо көлөмүн көбөйтүүгө - 100,0 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык, табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө - 100,0 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чыгашаларына - 70,2 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын чыгашаларына - 10,0 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын фондуна - 26,8 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине генераторлорду сатып алууга - 73,0 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чыгашаларына - 30,0 млн. сом;
- "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгашаларына - 40,0 млн. сом;
төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
- мугалимдердин, медициналык жана социалдык кызматкерлердин, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин Аппаратынын, кыйноолордун жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле жасоонун жана жазалоонун кадыр-баркты кемсинткен түрлөрүн алдын-алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин, чек арасы чектеш өлкөлөрдөгү (Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан) Кыргыз Республикасынын чек ара мекемелеринин, токой жана суу чарба, гидрометеорология кызматкерлеринин эмгекке акы төлөө тутумун кошуп алганда, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоо, алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык стимулдоо жана шарттарды түзүү боюнча чаралардын тутумун;
- өлкө үчүн экономикалык коопсуздуктун индикаторлорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карыздарын башкаруунун узак мөөнөттүү стратегиясын;
- айыппулдар, конфискациялоолор, компенсациялар жана башка формалар аркылуу материалдык, административдик жана кылмыш жоопкерчиликтеринин чараларын колдонуунун жыйынтыгында алынган каражаттардын эсебин алуу механизмдерин;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасына ылайык объектилерди сатуудан күтүлүүчү түшүүлөрдү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө чагылдырып турушунун толук болушуна жетишүүнү;
- мамлекеттик ишканалардан кирешелердин жана акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддердин, мамлекеттик мүлктү ижаралоодон, мамлекеттик мүлккө ижара акысынын өлчөмүн көбөйтүүдөн келип түшкөн кирешелерди жакшыртуу боюнча оптималдуу чечимдерди кабыл алууну;
- сот органдары үчүн жаңы имараттардын курулушун толук көлөмүндө каржылоону, "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын сотторун окутууга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен процесстерди жүргүзүүгө колдонуудагы орун-жайларды даярдоону;
- жергиликтүү бюджеттердин курамынан чыгаруу менен республикалык бюджеттен саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо жол-жоболорун;
- кургак учукка каршы Улуттук программаны ишке ашырууну;
- Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигин, Худжант шаарындагы (Тажикстан Республикасы) Башкы консулдугун ачууга жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугун Элчиликке кайра түзүүгө байланыштуу чыгашаларды каржылоону;
- 339,4 млн. сом суммасында мамлекеттик социалдык жөлөкпулдарды төлөө үчүн толук каржылоону;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2014-жылдагы үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен 2015-жылдын 1-апрелинен тартып кепилдендирилген төмөнкү кирешелерди 815 сомго жогорулатуу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөкпулдарынын өлчөмүн 650 сомго жогорулатууну;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 99,8 млн. сом бөлүүнү;
- республиканын түштүк региондорун күчтөнтүү жана чыңдоо максатында аскер шаарчаларын, атайын багыттагы объектилерди куруу үчүн 180,0 млн. сом суммасында "капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин каржылоону;
- колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык келтирүүнү, ага ылайык атайын каражаттардын курамына укук бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө келип түшкөн каражаттарды, ошондой эле конфискацияланган товарларды, укук бузуулар жасалган куралдарды жана башка продукцияларды сатуудан түшкөн каражаттар киргизилиши мүмкүн эмес;
төмөнкүлөр боюнча чараларды кабыл алсын:
- бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын аныктоо үчүн бюджеттик программалаштыруунун индикаторлорун пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасын толук аткаруу максатында анын чыгашаларын оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин киргизүү менен бир учурда стимулдоочу (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону киргизүү;
- натыйжалуу пайдалануу максатында мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлктөрдү инвентаризациялоо;
- алтын кен концентранттарына экспорттук бажы алымын киргизгенге чейин аны алып чыгууну токтото туруу;
- республиканын экологиялык абалын жана жолдорун сактоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү максатында транзиттик жүк ташуу автоунаалары үчүн 50 АКШ долларына чейин акы төлөө баасын жогорулатуу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын балдарына жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү;
- Москва жана Бишкек шаарларында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгынын урматына карата өткөрүлө турган иш-чараларга ардагерлердин катышуусу үчүн "Кыргыз Республикасынын согуш ардагерлеринин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана оруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" Коомдук бирикмесине 200,0 миң сом суммасында каражат бөлүү;
- 2015-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджетти аткаруу жыйынтыктарын жана ушул токтомго тиркемелерде каралган сунуштарды, ошондой эле Бажы бирлигине кирүүнүн шарттарын эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизүү.
3. "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4206-V токтомунун 2-пунктунун аткарылышы 2015-жылдын 1-мартына чейин узартылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (К.С.Дыйканбаев) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-декабрындагы № 4524-V токтомуна № 1 тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин СУНУШТАРЫ
№ | Министрликтердин жана ведомстволордун аталышы | Чыгашаларды беренелер боюнча багыттоо | Кошумча суратылган сумма (млн. сом.) |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети, бардыгы 910,2 млн. сом, анын ичинде: | ||
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | анын ичинде: | 437,2 |
| Суу чарба жана мелиорация департаменти | республиканын ирригациялык тутумдарын тиешелүү абалда күтүү жана мурда башталган суу чарба объекттерин курууну, реабилитациялоону алгалатуу жылдыруу менен жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү жана 2015-жылдын 1-кварталында бюджетте камтылган каражаттардын 80%ын каржылоону камсыз кылуу максатында | 379,0 |
| "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту | жер фондун инвентаризациялоону жүргүзүүгө, жерлерди аэросүрөткө тартууну түзүү үчүн жабдууларды сатып алууга | 21,0 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | эпизоотиялык иш-чараларды жүргүзүү жана вакциналар менен биопрепараттарды сатып алуу үчүн | 313,0 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен жабдууну жана сууларды агызууну өнүктүрүү департаменти | 2015-жылга 150,0 млн. сом, 2016-2017-жылдарга - 300,0 млн. сом | 150,0 |
| К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети | университеттин окуу корпустарын капиталдык ремонттоону жүргүзүү жана жылытуу тармактарын калыбына келтирүү үчүн | 10,0 |
| Жыйынтыгы |
| 910,2 |
2 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети, бардыгы 6900,1 млн. сом. | ||
| Жыйынтыгы |
| 6900,1 |
3 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети, бардыгы 89,8 млн. сом. | ||
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | - "Эмгек акы" беренеси боюнча: - 7170,1 миң сом ТИМдин борбордук аппараты боюнча. - 82630,1 миң сом КРТИМдин чет өлкөдөгү мекемелери боюнча. - Азербайжанда элчиликти, Тажикстан Республикасында Башкы консулдукту ачуу жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарында Башкы консулдугун толук кандуу элчиликке кайра түзүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөгү (Тажикистан, Өзбекстан, Казакстан) чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматчыларына эмгек акыны жогорулатуу кошулган жок | 89,8 |
| Жыйынтыгы |
| 89,8 |
4 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, бардыгы 5634,7 млн. сом. | ||
| Жыйынтыгы |
| 5634,7 |
5 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети, бардыгы 2656,0 млн. сом, анын ичинде: | ||
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | "Эмгек акы" 2011-беренеси боюнча, алардын ичинен 168,0 млн. сом балдарды мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырууга, 53,4 млн. сом жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууга, "Илим" бөлүмү боюнча 6,5 млн. сом илимий чөйрөдөгү иш стажы үчүн төлөөгө, 1,0 млн. сом "Борбордук аппарат" бөлүмү боюнча | 228,9 |
|
| Социалдык фондго 2121-беренеси боюнча | 39,3 |
|
| "Транспорттук кызматтар" 2214-беренеси боюнча билим берүүнүн райондук бөлүмдөрүнө жана борборлоштурулган бухгалтерияларга | 0,5 |
|
| "Тамак-аш азыктарын сатып алуу" 2218-беренеси боюнча жатак-мектептердин тарбиялануучуларынын тамак-аш ченемдерин жогорулатууга | 27,5 |
|
| "Мүлктү учурдагы ремонттоого чыгымдар" 2121-беренеси боюнча республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин учурдагы ремонтуна | 100,0 |
|
| "Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу" 2222-беренеси боюнча ведомстволук караштуулуктагы билим берүү уюмдарына | 23,8 |
|
| "Стипендия" 2821-беренеси боюнча мыкты студенттерге стипендияларды төлөп берүүгө | 1,3 |
|
| "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча ведомстволук караштуулуктагы билим берүү уюмдарына бузулган санитардык түйүндөрдү, чатырды, жылуулук тутумун капиталдык ремонттоого | 50,0 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча окуучулук эмеректерди, компьютерлерди, окуу китептерин сатып алууга | 46,0 |
| Жыйынтыгы |
| 517,3 |
| Билим берүү уюмдарынын, маданият жана спорттук объекттеринин материалдык-техникалык базасын курууга жана жакшыртууга | 1. Талас районунун Көк-Кашат айылындагы орто мектептин ортоңку окуу корпусун курууну аяктоого | 12,0 |
|
| 2. Өзгөн районунун Красный маяк айылындагы орто мектептин курулушун аяктоого | 53,0 |
|
| 3. Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы балдар бакчасын курууга | 23,5 |
|
| 4. Баткендеги областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын администрациялык имаратын курууга | 15,0 |
|
| 5. Ноокен районунун Шамалды-Сай орто мектептин курулушун аяктоого | 37,0 |
|
| 6. Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы орто мектепти курууга | 10,0 |
|
| 7. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бюджетин көбөйтүүгө | 22,0 |
|
| 8. Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Орлиное айлындагы орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 9. Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Ново-Константиновка айылындагы орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 10. Чүй областынын Аламүдүн районунун Мурас ордо жаңы конушунун орто мектебин курууга | м/ж |
|
| 11. Чүй областынын Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы балдар бакчасын жана орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 12. Ош областынын Өзгөн районундагы Кара-Кочкор айылындагы Ш.Исмаилов атындагы мектептин жылытуу тутумунун капиталдык ремонтуна жана мектеп жабдуулар менен жабдууга | м/ж |
|
| 13. Ош областынын Өзгөн районундагы Куршаб айылындагы "Алтын-Ачкыч" балдар бакчасын каржылоого | м/ж |
|
| 14. Чүй районунун Алга айылындагы спорт комплексин курууга | м/ж |
|
| 15. Чоң-Алай районунун Жекенди, Шибе, Кашка-Суу айылдарындагы орто мектептерди курууга | м/ж |
|
| 16. Араван районунун Керме-Тоо айылдагы орто мектептерди курууну баштоого | м/ж |
|
| 17. Чүй районунун Мээнеткеч айылдагы балдар бакчасын курууга | м/ж |
|
| 18. Бишкек шаарынын "Калыс-Ордо" конушунда орто мектептерди курууга | м/ж |
|
| 19. Кара-Суу районунун Учкун айылында балдар бакчасын курууга | м/ж |
|
| 20. Токтогул районунун Сары-Камыш айылында орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 21. Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 22. Токтогул районунун Торкент айылында орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 23. Токтогул районунун Көтөрмө айылында орто мектептерди курууга | м/ж |
|
| 24. Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 25. Токтогул районунун Толук айылында орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 26. Чүй районунун Алга айылында спорт комплексин курууга | м/ж |
|
| 27. Чүй районунун Кегети айылында спорт комплексин курууга | м/ж |
|
| 28. Жайыл районунун Бекитай айылында спорт комплексин курууга | м/ж |
|
| 29. Кара-Суу Кызыл-Кыштак айылында орто мектепти курууга | м/ж |
|
| 30. Баткен шаарында 250 орундук балдар бакчасын курууга | м/ж |
|
| 31. Баткендеги мамлекеттик университеттин жаңы окуу корпусун курууга | м/ж |
|
| 32. Бишкек шаарында 3 мектеп жана 5 мектепке чейинки мекемелерди куруу үчүн | м/ж |
| Жыйынтыгы |
| 172,5 |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы | "Эмгек акы" 2111-беренеси боюнча иштеген жылдары жана илимий даража үчүн үстөктөрдү төлөп берүүгө | 2,4 |
|
| "Социалдык фондго" 2121-беренеси боюнча | 0,4 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча | 1,5 |
| Жыйынтыгы |
| 4,4 |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | Борбордук аппарат боюнча | 2,6 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу " 2215-беренеси боюнча кеңсе жана чарба товарларын сатып алуу, картридждерди толтуруу, компьютерлерди ремонттоо, принтерлерди жана көчүрмө аппараттарды сатып алуу үчүн | 0,5 |
|
| "Имараттар жана курулмалар'' 3111-беренеси боюнча борбордук аппараттын кабинеттеринин учурдагы ремонту үчүн | 0,3 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча жаңы компьютерлерди, телефон аппараттарын, көчүрмө техникаларды сатып алуу жана эски моделдерди ж.у.с. алмаштыруу үчүн | 0,5 |
|
| "Маданият" бөлүмү боюнча | 539,4 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча: - эл аралык маанидеги борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү; - юбилейлик иш-чараларды өткөрүү; - сцена костюмдарын сатып алуу, спектаклдерди коюуга, декорацияларды даярдоого, жаңы спектаклдерге костюмдарды тигүүгө, декорациялар менен жабдууга, кабинеттерди ремонттоого чыгымдар үчүн театрдык-оюн-зоок мекемелери (21 мекемелер) боюнча; - областтык китепканалардын мезгилдүү басылмаларга жазылуусу; - Чүй областынын 3 эзелки шаарчасы (Красная речка, Бурана, Ак-Бешим) номинациясынын (ЮНECKO) объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, көрктөндүрүү | 39,4 |
|
| "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча театр-оюн-зоок ишканалары, музейлер жана китепканалар, маданияттын райондук мекемелери, маданият үйлөрү үчүн | 300,0 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112 беренеси боюнча театрлар үчүн жаңы сцена жабдууларына алмаштырууга кондиционерлерди, музейлер үчүн экспонаттарды сатып алууга, областтык жана райондук китепканалардын техникасын алмаштырууга, компьютерлерди уюштуруу техникасын сатып алууга | 200,0 |
|
| "Билим берүү" бөлүмү боюнча | 106,7 |
|
| "Коммуналдык кызматтар" 2212-беренеси боюнча жылуулук энергиясына карыздарды тындыруу үчүн жана жылытуу мезгилинде Электр энергиясын иш жүзүндө керектөө боюнча | 1,4 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча 17 билим берүү мекемелеринин, окуу мекемелеринин жана райондук БММларынын окуу имараттарын күтүүгө | 5,0 |
|
| "Тамак-аш азыктарын сатып алуу" 2218-беренеси боюнча М.Абдраев атындагы БРММсы жана Ч.Базарбаев атындагы Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын тамак-аш нормаларын жогорулатууга байланыштуу | 18,0 |
|
| "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча , анын ичинде төмөнкү мекемелердин имараттарын ремонттоо үчүн: - 5,0 млн. сом Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын имаратынын ремонтуна; - 5,0 млн. сом Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын имаратынын ремонтуна; - 5,0 млн. сом М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын имаратынын ремонтуна; - 5,0 млн. сом Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын имаратын ремонттоого - 10,0 млн.сом Искусство институтунун имаратынын ремонтуна - 45,0 млн. сом. М.Абдраев атындагы БРММсын ремонттоо-калыбына келтирүү жумуштарына | 50,0 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча 17 республикалык жана областтык билим берүү маданият мекемелеринин жана 33 райондук БММлардын музыкалык аспаптарын сатып алуу үчүн | 50,0 |
|
| Кинематография департаменти боюнча | 72,3 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча социалдык-маданий мааниси бар жогорку көркөм кино чыгармаларын жаратууга жана түзүүгө, жаш режиссерлордун бет ачарына, балдар үчүн анимациялык фильмдерди чыгарууга, мамлекеттик заказ багыты боюнча тарбиялык максаттарда патриоттук жана тарыхый фильмдерди экрандаштырууга, чет өлкөлүк фильмдерди кыргыз тилине дублажга | 40,6 |
|
| "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" УКсынын капиталдык ремонтуна, мамлекеттик кинотеатрлардын тармактарынын учурдагы ремонтуна, алардын техникалык жабдылышына, Ыссык-Көл, Весна, Чатыр-Көл, Семетей, Ала-Тоо, Кыргызстан райондук кинотеатрларынын жана Ала-Бука районунун кинотеатрынын техникалык жабдылышына, ремонтуна | 30,0 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" УКсынын МТБсын чыңдоого заманбап санарип киножабдууларын, проекторлорду, экранды сатып алууга, компьютердик монтаждоо жабдууларын, айылдык көрүүчүлөрдү тейлөө үчүн атайын автотранспортту-көчүп жүрүүчү кино жабдууларын сатып алууга | 20,0 |
|
| Туризм департаменти боюнча | 47,2 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча төмөнкү иш-чараларды өткөрүү үчүн: - Ыссык-Көл жана Чолпон-Ата шаарларында туристтик жарманке уюштуруу жана өткөрүү; - өлкөнүн ичинде жана КМШда кеңири масштабдагы маалыматтык өнөктүктөргө - Кыргыз Республикасынын эл аралык туристтик көргөзмөлөргө (Интурмаркет, Москва ш., KITF Алматы ш., MITF Москва ш., WTM Лондон ш. ж.б.) катышуусун уюштуруу; - туристтерди тейлөөгө катышкан мамлекеттик кызматтардын кызматчыларын туруктуу негизде окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу; - Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын туроператорлору менен ЖМКлары үчүн инфотурларды, башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү | 48,0 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча уюштуруу техникасын сатып алууга | 2,7 |
|
| Областтык телерадиокомпаниялар боюнча | 522,6 |
|
| "Коммуналдык кызматтар" 2212-беренеси боюнча 6 областтык телерадиокомпаниялардын телеберүүлөрүн көрсөткөндүгү үчүн карыздарды жабууга | 15,0 |
|
| "Кызматтык барууларга чыгымдар" 2211-беренеси боюнча | 0,2 |
|
| "Башка кызматтардын сатып алуу" 2215-беренеси боюнча телеберүүлөрүн жабдуулары үчүн техника сатып алууга; | 2,0 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча 2011-жылдын 2-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын санарип телекөрсөтүүгө өтүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык санарип телекөрсөтүүсү үчүн жабдууларды алмаштырууга | 505,4 |
|
| Областтык жана райондук газеталардын редакциялары боюнча | 50,7 |
|
| "Эмгек акы" 2111-беренеси боюнча райондук мекемелерди КР МжТМнын карамагына өткөрүп берүүдө редакциялардын кызматкерлерине эмгек акы төлөп берүү үчүн; | 2,0 |
|
| "Социалдык фондго төгүмдөр" 2121-беренеси боюнча | 0,3 |
|
| "Коммуналдык кызматтар" 2212-беренеси боюнча | 0,2 |
|
| "Транспорттук кызматтар" 2214-беренеси боюнча | 0,1 |
|
| "Басма сөз продукциясын сатып алуу жана газеталарды чыгаруу үчүн, ошондой эле басмакана буюмдарынын алдындагы өткөн жыл үчүн карыздарды жабууга, газеталардын редакцияларынын имараттарынын учурдагы ремонтуна, эмеректерди, компьютерлерди жана көчүрмө техниканы сатып алууга | 21,7 |
|
| "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча редакциялардын имараттарынын ремонтуна | 10,0 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча | 10,0 |
| Жыйынтыгы |
| 1342,1 |
| Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы | "Эмгек акы" беренеси боюнча 2111 | 4,6 |
|
| "Социалдык фондго төгүмдөр" 2121-беренеси боюнча | 0,7 |
|
| "Кызматтык барууларга чыгымдар" 2211-беренеси боюнча | 0,2 |
|
| "Коммуналдык кызматтар" 2212-беренеси боюнча | 0,4 |
|
| "Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр" 2214-беренеси боюнча | 0,3 |
|
| "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" 2215-беренеси боюнча | 0,6 |
| Жыйынтыгы |
| 6,8 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги | "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча | 4,1 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча Талас, Баткен жана Нарын областтык мамлекеттик архивдерге документтерди цифралоо максатына текчелерди, китеп сканерлерин сатып алууга жана коюуга | 10,6 |
|
| "Кызматтык баруулар" беренеси боюнча Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архивинин кызматкерлеринин Москва шаарында иш сапарына (окууга) | 0,1 |
|
| "Байланыш кызматтары" 2212-беренеси боюнча | 0,0 |
|
| "Ижара" 2213-беренеси боюнча Кемин райондук архивинин ижарасына имаратты толук бойдон сатып алууга чейин акы төлөөгө | 0,4 |
|
| "Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу" беренеси боюнча калдыктар үчүн акы төлөөгө | 0,3 |
|
| Сүткө "Тамак-ашы" беренеси боюнча | 0,2 |
|
| "Мүлктү учурдагы ремонттоо" беренеси боюнча мамлекеттик архивдерде учурдагы ремонтту жүргүзүү үчүн | 0,1 |
|
| "Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу" беренеси боюнча самын-жуугуч каражаттарды сатып алуу жана архив сактагычтарды тазалоо түрүндө | 0,4 |
|
| "Буюм-мүлктөрүн, башка формалык жана атайын жабдууларды ремонттоо" беренеси боюнча борбордук мамлекеттик архивдердин кызматкерлери үчүн формалык кийим тигүү үчүн | 0,2 |
|
| "Көмүр сатып алуу" беренеси боюнча | 0,0 |
|
| "Күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу" беренеси боюнча бардык областтык мамлекеттик архивдерди имараттардын аскерлештирилген кайтаруусуна өткөрүү үчүн | 1,0 |
|
| "Суу үчүн акы", "Электр энергиясы үчүн акы" жана "Жылуулук энергиясы үчүн акы" чыгымдар беренелери боюнча | м/ж |
| Жыйынтыгы |
| 17,4 |
| Коомдук теле радио корпорация (KTРK) | "Байланыш кызматтары" 2212-беренеси боюнча теле жана радиопрограммаларды күнү-түнү көрсөтүүгө жана 4 каналды ачууга | 80,0 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча Кыргызпатентке автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдаланууга, "Инфо-Системаны" күтүүгө, контент сатып алууга, автордук сыйакыны төлөөгө, сериалдарды чыгарууга, көркөм жана даректүү фильмдерди, материалдарды жана оюн реквизиттерин даярдоого | 58,5 |
| Жыйынтыгы |
| 138,5 |
| "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясы | "Эмгек акы" 2111-беренеси боюнча "ЭлТР" КР КТРКнын областтык телерадиокомпаниялары менен болжолдук биригүүсүнүн, ошондой эле обо убактысын даярдоо үчүн адистердин жетишсиздигинин натыйжасында штаттын 266га чейин көбөйүшүнө байланыштуу | 41,5 |
|
| "Социалдык фондго төгүмдөр" 2121-беренеси боюнча | 7,2 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча санарип телерадиоберүүсүнө этап боюнча өтүү үчүн телерадио жабдууларын сатып алууга, телерадиобергичтерди, автомобилдин базасында спутниктик көчмө телерадиостанция сатып алууга | 145,3 |
|
| "Кызматтык барууларга чыгымдар" 2211-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишин чагылдыруу үчүн региондорго жана чет өлкөлөргө баруулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу | 0,5 |
|
| "Коммуналдык кызматтар" 2212-беренеси боюнча санарип, үн жана телекөрсөтүүсүнө этап боюнча өтүүдө телерадиопрограмаларды берүү үчүн төлөөлөргө | 97,2 |
|
| "Транспорттук чыгымдар" 2214-беренеси боюнча КММларга, автотетиктерине баалардын жогорулашына байланыштуу | 1,6 |
|
| "Кайтаруу кызматтарын сатып алуу" 2225-беренеси боюнча 2014-жылдын май айынан тартып ведомстводон тышкаркы кайтаруу кызматтарынын наркынын жогорулашынан | 3,6 |
|
| "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча Бишкектеги имараттын капиталдык ремонтуна | 10,0 |
|
| "Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу" 2222-беренеси боюнча башка жабдууларды, кеңсе товарларын, чарба товарларын, теле тартууларды жүргүзүү үчүн декорацияларды сатып алууга | 4,0 |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 336 токтомуна ылайык тарифтердин жогорулашынын айынан "Суу үчүн акы", "Электр энергиясы үчүн акы" жана "Жылуулук энергиясы үчүн акы" чыгымдарынын беренелери боюнча | 0,5 |
| Жыйынтыгы |
| 238,6 |
| "Кабар" кыргыз улуттук маалыматтык агенттиги | "Эмгек акы" 2111-беренеси боюнча | 8,0 |
|
| "Социалдык фондго төгүмдөр" 2121-беренеси боюнча | 1,4 |
|
| "Кызматтык барууларга чыгымдар" 2111-беренеси боюнча | 0,2 |
|
| "Коммуналдык кызматтар жана байланыш кызматтары" 2212-беренеси боюнча | 1,1 |
|
| "Транспорттук кызматтар" 2214-беренеси боюнча | 0,2 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча | 2,3 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча | 0,5 |
| Жыйынтыгы |
| 13,6 |
| "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасы | "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча | 0,7 |
| Жыйынтыгы |
| 0,7 |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы | "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча | 0,4 |
| Жыйынтыгы |
| 0,4 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | "Эмгек акы" 2111-беренеси боюнча республиканын региондорунда 10 БУСМларды ачуу үчүн | 35,0 |
|
| "Социалдык фондго чегерүүлөр" 2121-беренеси боюнча | 3,0 |
|
| "Кызматтык барууларга чыгымдар" 2211-беренеси боюнча Олимпия оюндарына катышууга лицензия алуу укугуна лицензиялык мелдештерге спортчулардын катышуусу үчүн | 20,0 |
|
| "Ижара акысы" 2213-беренеси боюнча ижарага алынган объекттердеги мелдештерге жана ачылып жаткан БУСМлардын окуу процессин камсыз кылуу үчүн | 5,0 |
|
| "Транспорттук кызматтар" 2214-беренеси боюнча КММлардын жана транспорттук кызматтардын кымбатташына байланыштуу | 0,2 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча спартакиада жана ишканалардын арасында спартакиада өткөрүү | м/ж |
|
| "Мүлктү учурдагы ремонттоого чыгымдар" 2221-беренеси боюнча | 4,0 |
|
| "Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу" 2222-беренеси боюнча иштеп жаткан жана жаңыдан түзүлгөн объекттерди камсыз кылуу үчүн | м/ж |
|
| "Буюм мүлктөрүн жана башка формалык жана атайын жабдууларды сатып алуу, тигүү жана ремонттоо" 2223-беренеси боюнча 12 миңден ашык адамды спорттук кийиндирүүгө жана эл аралык спорттук-массалык иш-чараларга катышуучу спортчуларды бирдей кийиндирүүгө | м/ж |
| Жыйынтыгы |
| 203,7 |
6 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети, бардыгы 85,2 млн. сом, анын ичинде: | ||
| Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппараты | 2015-жылга каржы каражаттарына муктаждык | 35,5 |
| Кыргыз Республикасынын кыйноолорду жана мамиле жасоонун жана жазалоонун башка катаал, адамгерчиликсиз жана ар-намысты кодулаган түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбору | 2015-жылга каржы каражаттарына муктаждык | 20,3 |
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | Айрым беренелер боюнча каржылоонун жана КМШга катышкан мамлекеттердин юстиция министрлеринин кеңешинин жыйналышын өткөрүүгө каржы каражаттарынын жетишсиздиги | 29,4 |
| Жыйынтыгы |
| 85,2 |
7 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети, бардыгы 0,0 млн. сом. | ||
| Жогорку Кеңеш жана Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы | Горная-2 көчөсүндөгү Жогорку Кеңештин үч блоктуу кызматтык үйүнүн "Б" жана "В" блокторун капиталдык курууга каражаттар | м/ж |
| Жыйынтыгы |
| 0,0 |
8 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети бардыгы 273,2 млн. сом, анын ичинде: | ||
| КР Саламаттык сактоо министрлиги | Кургак учукка каршы дары-дармектер менен камсыз кылууну камсыз кылуу боюнча кургак учукка каршы улуттук программаны жүзөгө ашыруу | 30,0 |
| Жыйынтыгы |
| 30,0 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | "Коммуналдык кызматтар" беренеси боюнча | 132,6 |
| Жыйынтыгы |
| 132,6 |
| Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги | "Дары-дармектерди сатып алуу" беренеси боюнча | 5,6 |
|
| "Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу" беренеси боюнча | 14,8 |
|
| "Эмгек акы" жана "Социалдык фондго чегерүүлөр" беренелери боюнча | 90,2 |
| Жыйынтыгы |
| 110,6 |
9 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети, бардыгы 0,0 млн. сом, анын ичинде: | ||
| Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши | 2015-жылга бюджеттин долбоорунда "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот ортомчулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин ишке ашыруу боюнча каржылоо каралган эмес | м/ж |
| Жыйынтыгы |
| 0,0 |
10 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети, бардыгы 1567,1 млн. сом, анын ичинде: | ||
| Энергетика жана өнөр жай министрлиги | "Кызматтык барууларга чыгымдар" 2211-беренеси боюнча | 0,5 |
|
| "Транспорттук чыгымдар" 2214-беренеси боюнча | 0,5 |
|
| "Башка кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча | 0,5 |
|
| "Машиналар жана жабдуулар" 3112-беренеси боюнча | 1,5 |
| Жыйынтыгы |
| 3,0 |
| "Кыргызтуракжайкомбирлик" МИси | жылуулук энергиясына субсидияларга: - 2015-жылга 1527,4 млн. сом; - 2016-жылга 1532,8 млн. сом; - 2017-жылга 1532,8 млн. сом | 1527,4 |
| Жыйынтыгы |
| 1527,4 |
| Мамгеолагенттик | Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматты күтүүгө | 19,7 |
|
| Борбордук лабораторияны техникалык кайра жабдууга | 17,0 |
|
| "Адыгене" көл-глациологиялык станциясын күтүүгө | м/ж |
| Жыйынтыгы |
| 36,7 |
11 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, бардыгы 176,9 млн. сом, анын ичинде: | ||
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча айыл жеринде суу түтүктөрүн курууга жылына 500,0 млн. сомдон кем эмес, техникалык сервистик борборлорду түзүүгө 100,0 млн. сомдон кем эмес | м/ж |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочу курамды каттоо департаменти жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти | "Кызматтык баруулар" беренеси боюнча | 14,6 |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | "Маалыматтык-коммуникациялар технологияларды (МКТ) өнүктүрүү" бөлүмү боюнча | 19,9 |
| Жарандык авиация агенттиги | "Эмгек акы" 2111 жана "Социалдык фондго төгүмдөр" 2121-беренелери боюнча | 2,0 |
| Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттиги | КМШнын Координациялык транспорттук кеңешмесине мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө үчүн | 0,4 |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызавианавигация" МИси | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 265 токтомуна ылайык аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоону жүргүзүү үчүн | 140,0 |
| Жыйынтыгы |
|
|
12 | Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети, бардыгы 171,9 млн. сом, анын ичинде: | ||
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
| 33,5 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
| 64,7 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
| 11,1 |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти | Туризмди өнүктүрүү үчүн | 55,8 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Нарын областынын медицина кызматкерлеринин эмгек акысына үстөктөрдү төлөп берүү үчүн | 5,0 |
| ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы |
| 1,8 |
| Жыйынтыгы |
| 171,9 |
|
| Жыйынтыгы: | 17465,0 |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-декабрындагы № 4524-V токтомуна № 2 тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын СУНУШТАРЫ
№ | КР ЖК депутаты | Сын пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Суралган сумма, млн. сом |
1 | Алимбеков Н. | - Ош областынын Кара-Суу районундагы Папан айылдык округдун № 114 Карагур мектебинин жаңы имаратын курууга |
|
2 | Алтыбаева А. | - жетим балдар үчүн турак жай үйүн курууга; |
|
- мамлекеттик чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо иш чараларына; | 50,0 | ||
- таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна; | 100,0 | ||
- Баткен областындагы "Айгүл" улуттук гүл наркын курууга; | 50,0 | ||
- алтынды кайра иштетүү боюнча фабриканын курулушуна; | 5,0 | ||
- Кыргыз Республикасынын УИАнын Э.Гареев атындагы ботаникалык бакты көрктөндүрүүгө; | 50,0 | ||
- Ош шаарындагы Ломоносов атындагы мектептин жаңы корпусунун курулушуна; | 5,0 | ||
- Ош шаарындагы И.Раззаков атындагы мектептин жаңы корпусун аяктоого; | 40,0 | ||
- Ош областындагы Кара-Суу районунун Нариман айыл округундагы Жим айылындагы Чолпон атындагы № 79 мектепти капиталдык оңдоо жүргүзүүгө; | 30,0 | ||
- Ош областындагы Кара-Суу районунун Нариман айыл округундагы Жим айылындагы Чолпон атындагы № 79 мектептин жаңы имаратын курууга; | 2,5 | ||
- Ош областындагы Кара-Суу районунун Нариман айылындагы Т.Сулайманов атындагы мектептин спорттук залынын курулушуна; |
| ||
- Ош областындагы Кара-Суу районунун Маданият айылындагы № 42 мектепти капиталдык оңдоо жүргүзүүгө; | 1,5 | ||
- Ош областындагы Араван районунун Чек-Абад айылындагы А.Тургунов атындагы № 23 мектеп-интернатынын жаңы имаратынын курулушуна; | 40,0 | ||
- Баткен областындагы Кадам-Жай районунун Примов атындагы мектептин спорттук залын курууга; |
| ||
- Ош областындагы Кара-Суу районунун Каратай айылындагы мектептин эски имаратын балдардын бакчасы кылып кайра профилдештирүү жана реконструкциялоого; | 23,0 | ||
- Ош областындагы Кара-Суу районунун Каратай айылындагы жер титирөөнүн кесепетинен бузулган эски корпустун ордуна А.Султанов атындагы № 39 мектептин кошумча имаратын курууга |
| ||
3 | Алымбеков З. | - Жалал-Абад областындагы Чаткал районунун Коргон-Сай айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга; - Жалал-Абад областындагы Чаткал районунун Кара-Үңкүр айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга; - Жалал-Абад областындагы Чаткал районунун Ак-Коргон айылындагы Т.Төрөбаев атындагы мектептин жаңы имаратын курууга |
|
4 | Арапбаев А. | - Ош областынын Маңкыт айыл округундагы участокто Араван-Ноокат автожолуна асфальт төшөөгө |
|
5 | Бакиров О. | - Ош областынын Араван районунун Тоо-Моюн айыл өкмөтүнүн Сары-Таштагы 200 окуучулук орундуу мектептин курулушуна |
|
6 | Бокоев К. | - Талас областындагы Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр райондук борборунда канализация системасын курууга; - Талас областындагы Кара-Буура районунун Молотов айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга |
|
7 | Жумалиева Э. | - Талас областындагы Талас районунун Айдаралиев айыл округундагы Көпүрө-Базар айылынын спорттук комплексин курууга; - Талас областындагы Талас районунун А.Оогонбаев айылындагы спорттук комплексти курууга; - Талас областындагы Талас районунун Балбал айылындагы Балбал мектебинин жаңы имаратын курууга; - Талас областындагы Талас районунун Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылындагы 2,5 км аралыктагы автожолго асфальт төшөөгө; - Талас областындагы Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагындагы Э.Капалов атындагы мектептин жаңы имаратынын долбоордук-сметалык документтерин долбоорлоштурууга; - Талас областындагы Талас районунун Нуржанов айыл аймагындагы Жон-Арык айылындагы БСР курулушуна |
|
8 | Дыйканбаев К. | - Ысык-Көл областындагы Түп айылындагы Түп аймактык ооруканасында моргдун имаратын жана эки кабаттуу имарат комплексин (төрөт, хирургиялык, реанимациялык, балдар, гинекология бөлүмдөрүнүн) курууга; - Ысык-Көл областындагы Түп айылында райондук архив үчүн имарат курууга; - Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Тепке айылындагы "Эски-Сасык" каналын реконструкциялоого; - Талас областындагы Кара-Буура районунун аралыгы 3 км болгон Аманбаев - Көк-Сай автожолуна асфальт төшөөгө |
|
9 | Жолдошова Ж. | - Ош областындагы Төлөйкан айыл өкмөтүнүн Учар айылындагы фельдшердик-акушердик пунктту курууга; - Ош областындагы Төлөйкан айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы фельдшердик-акушердик пунктту курууга; - Ош областындагы Төлөйкан айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылындагы фельдшердик-акушердик пунктту курууга |
|
10 | Жоошбеков З. | - Тунгуч кичи районундагы 135 батирлүү турак үйдүн жана 90 батирлүү үйдүн курулуш иштерин аткаруу үчүн "Аль-Манар" жоопкерчилиги чектелген коомдун алдындагы карызды жабууга; | 14,8 |
- Талас областындагы Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы имаратты балдар бакчасы кылып кайра профилдештирүүгө жана реконструкциялоого | 6,0 | ||
11 | Жумабеков Д. | Талас областындагы Кара Буура районунун Аманбаев айыл аймагындагы Сатикей айылындагы 192 окуучулук орундуу О.Турганбаев атындагы мектептин жаңы имаратын курууга |
|
12 | Жээнбеков Р. | - Талас областындагы Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Д.Батырбашиев атындагы мектептин жаңы имаратын курууга; - Талас областындагы Манас районунун Ш.Кочкорбаев атындагы мектептин жаңы имаратын курууга |
|
13 | Зулпукаров Т. | - Ош областынын Ноокат шаарындагы узундугу 15 км келген канализация системасын курууга; - Ош областындагы Ноокат районунун Көк-Жар айылдык аймагынын Маданият айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга; - Ош областындагы Ноокат районунун Он эки-Бел айылындагы узундугу 2,5 км келген Ноокат-Нарай автожолун оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө; - Ош областындагы Ноокат районунун Он эки-Бел айылындагы спорттук комплекстин курулушуна; - Ош областындагы Ноокат районунун Живпром участогундагы мектептин курулушуна |
|
14 | Иманкожоева Э. | - Ысык-Көл областындагы Тоң районунун Оттук айылындагы 320 окуучу орундук М.Мамбетов атындагы мектептин жаңы имаратын курууга; - Кыргыз Республикасынын УИАнын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын теплица комплексин, сугаруу түйүндөрүн реконструкциялоого, скважиналарды орнотууга; - Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун Липенко айылындагы балдар бакчасын курууга; - Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы балдар бакчасын жана Сарыкамыш айылындагы маданият үйүн курууну жандандырууга; - Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун Даркан айылындагы А.Сатылганов атындагы мектептин жаңы имаратын курууга |
|
15 | Измалкова А. | Чүй областындагы Москва районунун Беловодское айылындагы 1-Май мектебинин жаңы имаратын курууга |
|
16 | Сабиров М. Кадыров Б. | Кыргыз Республикасынын региондорунда 10 балдардын-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебин курууга |
|
17 | Калматов А. | Жалал-Абад областындагы Аксы районунун Улук айылындагы мектепти курууга |
|
18 | Кочкорбаев А. | - Ош областындагы Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Чагыр айылындагы мектептин курулушун аяктоого; - Ош областындагы Кара-Суу районунун Каратай айылында жаңы электр столбаларын жана электр чубалгыларын орнотууга |
|
19 | Нарматова Н. | - Ноокат - Арал - Кара-Кокту 4 км автожолуна асфальт төшөөгө жана 15 км автожолун түздөөгө; - Ош областындагы Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылындагы орто мектеп үчүн көмүркананын курулушуна жана катуу отун жагылуучу от казанды орнотууга; - Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын имаратын капиталдык оңдоо жүргүзүүгө; - Ниязалы атындагы окуу жайынын кошумча концерттик имаратын курууга; - Европа өлкөлөрүнүн музыкалык жабдыктарын сатып алууга |
|
20 | Никитенко Н. | Жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган балдар үчүн турак үйлөрдү курууга |
|
21 | Осмоналиев К. | Баткен областындагы Кадамжай районунун Жаштилек айылындагы Жаштилек мектебинин имаратын курууга |
|
22 | Сабиров М. | - Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылындагы О.Эсенканов атындагы мектептин спорттук залын курууга; - Ысык-Көл областындагы Түп районунун Фрунзе айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга; - Ысык-Көл областындагы Түп районунун Долон айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга; - Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар мектебинин жаңы имаратын курууга. |
|
|
| Ысык-Көл районунун объектилери: Бүткөрүлө элек курулуштар: |
|
|
| - Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдар үчүн 220 окуучулук орундуу мектеп интернатынын жатак корпусун курууга; | 20,0 |
|
| - Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын курулушун кошумча каржылоого. | 22,0 |
|
| Жаңы курулуштардын объектилери: |
|
|
| - Баетов айылындагы балдар бакчасынын курулушуна; | 30,0 |
|
| - Григорьевка айылындагы Садыр акедеги балдар бакчасын курууга. | 47,0 |
|
| Тоң районунун объектилери: Бүткөрүлө элек курулуштар: |
|
|
| - кошумча керектөөлөргө Тоң районундагы Манжылы-Ата, Күн-Чыгыш а/ө суу менен камсыз кылуу системасынын курулушуна; | 2,0 |
|
| - Тоң районундагы Төрт-Күл айылындагы спорт залынын курулушуна. | 16,0 |
|
| Жаңы курулуштардын объектилери: - Тоң районундагы Кара-Шаар айылындагы спорт залынын курулушуна. |
|
|
| Ак-Суу районунун объектилери: Бүткөрүлө элек курулуштар: |
|
|
| - Кереге-Таш айылындагы 35 орундуу балдар бакчасын курууга; | 11,7 |
|
| - Сары-Камыш айылындагы китепканасы менен кошо 220 орундуу маданият үйүн курууга; | 8,5 |
|
| - Жаңы-Вознесеновка айылындагы спорттук комплексти курууга. | 7,7 |
|
| Жаңы курулуш объектилери: - Жаңы-Арык айылындагы 350 окуучулук орундуу мектепти курууга. |
|
|
| Түп районунун объектилери: Бүткөрүлө элек курулуштар: |
|
|
| - аякташы үчүн зарыл болгон Корумду айылындагы спорт залды курууга; | 2,5 |
|
| - бүткөрүү үчүн зарыл болгон Коочу айылындагы спорт залын курууга. | 4,3 |
|
| Жети-Өгүз районунун объектилери: Жаңы курулуш объектилери: - Даркан айылындагы 275 окуучулук орундуу мектепти курууга. |
|
|
| Каракол шаарындагы объект: Жаңы курулуш объектиси: - Каракол шаарындагы 120 орундуу балдар бакчасын курууга |
|
23 | Салимов Т. | - Чүй областындагы Ысык-Ата районунун Жаңы-Покровка айылындагы 2013-жылы башталган балдар бакчасын курууну улантууга; | 10,0 |
|
| - Бишкек шаарындагы Ала-Арча суу сактагычынын аймагында жайгашкан сууда сүзүү түрлөрү боюнча спорт базасын капиталдык оңдоону жүргүзүүгө; | 5,0 |
|
| - Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата а/ө Уч-Эмчек айылындагы Жакишев атындагы мектепти курууну 2015-жылга кароо | 25,0 |
24 | Сулейманов Б. | - Чүй областындагы Ысык-Ата районунун ГЭС-5-Милянфан-Кант автожол участогун оңдоого; - Чүй областындагы Москва районунун Александровка айылындагы Д.Исмаев атындагы мектептин спорт залын курууга |
|
25 | Тиленчиева М. | - Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетине караштуу педагогикалык колледжди капиталдык оңдоо жүргүзүүгө; | 40,0 |
|
| - Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетин капиталдык оңдоо жүргүзүүгө | 38,0 |
26 | Туманов К. | - Ош областындагы Өзгөн районунун Жылалды айылындагы балдар бакчасын курууга; | 8,1 |
|
| - Ош областындагы Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы 500 окуучулук орундуу Ашимов атындагы мектептин жаңы имаратын курууга | 83,0 |
27 | Туманов Т. | Жалал-Абад областындагы Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Э.Арстанбаев атындагы мектебинин жаңы имаратын курууга |
|
28 | Мурзабеков К. | Жалал-Абад областындагы Таш-Көмүр шаарынын Кузембаев атындагы мектебинин спорт залын курууга | 16,0 |
29 | Чолпонбаев У. | Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районундагы Жаңы-Вознесеновка айылындагы Т.Алсеитов атындагы маданият үйүнө капиталдык оңдоо жүргүзүүгө | 3,1 |
30 | Шайназаров Т. | Ош областындагы Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Чагыр айылындагы балдар бакчасын курууга |
|
31 | Шин Р. | Бишкектеги медициналык колледждин № 3 окуу корпусуна капиталдык оңдоо жүргүзүүгө |
|
32 | Сакебаев Э. Салимов Т. Жоошбеков З. | - Чүй областындагы Сокулук районунун Западное айылындагы орто мектептин жаңы имаратын курууга; - Чүй областындагы Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы орто мектептин жаңы имаратын курууга; - Чүй областындагы Кант шаарын жылытуу үчүн имараты менен кошо мазут сактоочу жайды курууга; - Ысык-Көл областындагы Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы жаңы орто мектебинин имаратын курууну каржылоого |
|