Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-декабры № 4646-V
"2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 9-декабрындагы № 699 токтому) "Бишкек шаарында 2014-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |