Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-майы № 448-V
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» ( Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана « Мамлекеттик социальдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 16-февралындагы № 102 токтом) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» ( Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл кабыл алынсын.
2. Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Т. Сулайманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков |