Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-майындагы № 4579-VI
“2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 25-мартындагы № 116 токтому) “2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |