Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июну № 4601-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 2-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 2-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин анты;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4189-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;
“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) (COVID-19га чара көрүү боюнча) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2021-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө.
Төрага | Т.Т. Мамытов |