Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 1249-VII, 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 2333-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүлөр шайлансын:
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна;
Абдалиев Мейкинбек Акимович;
Дубанбаева Анар Сартбаевна;
Койчукеев Нурлан Чокоевич;
Жумалиева Акбалык Калыевна;
Жупуева Айдана Садыковна;
Бекматов Абдыжапар Гапырович;
Гайпкулов Искандер Торобаевич;
Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович;
Шайназаров Тынчтык Урайимович;
Жылкыбаев Узарбек Казиевич;
Маматов Кайрат Адамкалиевич.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 1249-VII, 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 2333-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4074-VI токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4138-VI токтому.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Н.О. Сыдыгалиев |