Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-июлу № 4755-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4725-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021 -жылдын 22-июлундагы № 4725-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |