Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 4158-VI
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш. мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык отун-энергетика комплексинин ишканалары, министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары үчүн иш чаралардын планын кабыл алган.
2020-жылдын 10-октябрына карата абал боюнча республика боюнча жалпысынан 607,348 миң тонна көмүр камдалды, анын ичинде калк учурдагы 520,775 миң тонна пландын ордуна - 463,480 миң тонна даярдады, бул 89,00% түзөт; бюджеттик мекемелер учурдагы 142,67 миң тонна пландын ордуна 143,868 миң тонна же 100,84% даярдады.
2020-жылдын 14-октябрына карата абал боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБине 243,94 миң тонна көмүр жеткирилди, анын ичинен: 224,479 миң тонна Кара-Кеченин, 6,649 миң тонна Таш-Көмүрдүн жергиликтүү көмүрү жана 12,812 миң тонна импорттук көмүр.
2020-жылдын 13-октябрына карата абал боюнча Ош шаарынын ЖЭБине 19,986 миң тонна көлөмүндө же өткөн жылдагы күз-кыш мезгилинин калдыгын эсепке алганда 23,042 миң тонна көлөмүндө отко жагылуучу мазут жеткирилген.
2020-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын тармактарына 1186,73 миң Гкал жылуулук энергиясы келип түштү. 2020-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 230,64 млн. сомду түздү жана жыл башындагыга салыштырганда 165,34 млн. сомго азайды. Төлөмдөрдү чогултуу 1307,4 млн. сомду түздү, бул сатылган товардык продукциядан 112,06% түзөт.
"Бишкекжылуулукэнерго" КИ жылуулук энергиясын иштеп чыгышы 117,63 миң Гкал түздү, бул пландан 22,78 миң Гкал аз. 2020-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча дебитордук карыз 42,14 млн. сомду түздү. 2020-жылдын 1-октябрына карата 1,520 миң тонна көмүр даярдалды.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИ 2020-жылдын 10-октябрына карата миң тонна көмүр даярдаган, 2020-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 15,4 миң тонна отко жагылуучу мазут даярдалган, от казанын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерине каралган каражаттардан 2020-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 91,336 млн. сом өндүрүлгөн. 2020-жылдын 9 айынын ичинде жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 273,0 миң Гкал түздү.
2020-жылдын 9 айынын ичинде "Газпром Кыргызстан" ЖЧКга сатуу үчүн 198,0 млн. м3 жаратылыш газы келип түштү. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын 2020-жылга инвестициялык программасы инвестициялык долбоорду камтыйт.
2020-жылдын январь-август айларында көмүр казуу тармагы боюнча өнөр жайлык продукциянын көлөмү 1426,23 млн. сомду түздү, мында 1000,6 миң тонна көмүр казып алынды. Түндүк региону боюнча казып алуу 350,267 миң тоннаны, түштүк региону боюнча - 650,33 миң тоннаны түздү.
2020-жылдын 14-октябрына карата абал боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15099 млн. м3, бул 2019-жылдын ушул күнүнө салыштырганда 2157 млн. м3га аз (17256 млн. м3).
2020-жылдын 9 айында "Электр станциялар" ААКнын электр энергияны иштеп чыгуусу 10412,0 млн. кВт саатты түздү, бул 2019-жылдын ушундай мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда 135,4 млн. кВт саатка аз (10547,4 млн. кВт саат), анын ичинде төмөнкүлөрдө:
- ГЭСте электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 9565,2 млн. кВт саатты түздү, бул 2019-жылдын көрсөткүчүнө (9 789,2 млн. кВт саат) караганда 224,0 млн. кВт саатка аз;
- ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 846,8 млн. кВт саатты түздү, бул 2019-жылдын көрсөткүчүнө (758,2 млн. кВт саат) караганда 88,6 млн. кВт саатка көп.
Жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 1293,3 миң Гкал түздү, бул 2019-жылдын ушундай мезгилинин көрсөткүчүнө (1145,6 миң Гкал) караганда 147,7 миң Гкал га көп.
2020-жылдын 9 айында "Чакан ГЭС" ААКнын электр энергияны иштеп чыгуусу 111,96 млн. кВт саатты түздү, бул 2019-жылдын ушундай мезгилинин көрсөткүчүнө (123,54 млн. кВт саат) караганда 11,58 млн. кВт саатка аз.
Бөлүштүрүүчү энергокомпанияларынын (мындан ары - БЭК) тармактарында 2020-жылдын 9, айында электр энергиясын жоготуулар 10,8%ды же 912,0 млн. кВт саатты түздү, бул нормативден (11,1%) 0,3%га аз.
2020-жылдын 9 айында БЭК тармагына 8434,5 млн. кВт саат электр, энергиясы келип түштү, керектөөчүлөргө 7476,8 млн. кВт саат электр энергиясы пайдалуу түрдө берилди. Товардык продукция 9917,5 млн. сомду түздү, БЭК боюнча берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын чогултуу 10072,9 млн. сомду түздү.
2020-жылдын 1-октябрына карата керектөөчүлөрдүн БЭК алдындагы дебитордук карызы 1135,0 млн. сомду (2019-жылдын 1-октябрына карата - 1349,0 млн. сом) түздү жана 2020-жылдын январь-сентябрынын ичинде 214,0 млн. сомго же 15,9%га азайды. Мында калктын 2020-жылдын январь-сентябрындагы дебитордук карыз 234,4 млн. сомго же 32,5%га азайды жана 2020-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 487,9 млн. сомду түздү.
2020-жылдын 9 айында "Кыргызстан УЭТ" ААКнын электр тармактарында электр энергиясын техникалык жоготуулар 559,38 млн. кВт саат же тармакка келип түшкөн 10,141,03 млн. кВт саат электр энергиясынан 5,52%ды түздү.
БЭК тармактарында 2020-жылдын январь-сентябрында авариялык өчүрүүлөрдүн саны 3803 өчүрүүнү, түздү жана 2019-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 384 өчүрүүгө же 11,2%га көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын эске алып, ошондой эле республиканын отун-энергетикалык комплексин ишенимдүү иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
- министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары отунду даярдоо графигинин аткарылышын, электр энергиясынын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттеринин сакталышын, керектелген электр, жылуулук энергиясы, отко жагылуучу мазут жана жаратылыш газы үчүн карыздарды өз убагында жоюуну камсыз кылсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө финансылык каражаттарды ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгымдардын ар айдагы финансылык планына ылайык бөлүүнү толук көлөмдө жүзөгө ашырсын;
- керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн бюджеттик мекемелердин дебитордук карыздарынын түзүлүшүнө жол бербесин;
- Кара-Кече көмүр кенинин жолун оңдоого финансылык каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө маселени карасын;
- 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилинде энергетика системасынын туруктуу иштешин жана республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык отун-энергетика комплексинин ишканалары отунду берүүнү камсыз кылсын;
- отун-энергетикалык сектордо ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик-техникалык документацияларды иштеп чыгуу жана бекитүү бөлүгүндө ишти күчөтсүн;
- Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык системасынын курамында республиканын энергия системасынын туруктуу параллелдик иштешин камсыз кылсын;
- электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрүн авариялык өчүрүүгө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- бюджеттик уюмдар жана калк тарабынан керектелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн акынын толук көлөмдө төлөнүшүн камсыз кылсын;
- БЭК ЭКЭАТ киргизүү бөлүгүндө Улуттук энергохолдингдин канааттандырарлык эмес ишин карасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |