Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 4162-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4150-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4150-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |