Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 4-декабры № 5
Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө
(КР 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында ыктыярдуу декларациялоо объекттери болгон жеке адамдар тарабынан 2020-жылдын 1-январына чейин кирешелердин эсебинен түзүлгөн жана/же сатып алынган мүлктү ыктыярдуу декларациялоо менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын максатында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар декларанттар болуп саналышат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын максаты мүлктү жана кирешелерди легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин кол тийбестигине кепилдиктерди, мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинде катышуучу адамдардын кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин жашыруундуулугун сактоо болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын максаты декларанттарга 2020-жылдын 1-январына чейин алынган, анын ичинде алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекттери сатып алынган кирешелерге карата милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди төлөбөстөн аткаруу мүмкүндүгүн берүү аркылуу ишке ашырылат. Көрсөтүлгөн милдеттүү төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
1) салыктар;
2) бажы төлөмдөрү;
3) кирешелерди алуу, анын ичинде алардын эсебинен сатып алынган ыктыярдуу декларациялоо объекттери, ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо объекттери менен байланышкан салыктар боюнча айыппулдар, пайыздар жана туумдар;
4) социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр.
3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны күбөлөндүрүүчү датага чейин бузуулар жөнүндө өндүрүш жана/же жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган жана/же экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн соттук өндүрүш башталган адамдарга;
2) алар боюнча ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датадан мурда отчет берилген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кошумча эсептелген, бирок алар боюнча милдеттенме аткарылбаган бюджетке милдеттүү төлөмдөргө;
3) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация күбөлөндүрүлгөн датага чейин Кыргыз Республикасынын банкында же чет элдик банкта декларанттын эсебинде жайгаштырылбаган акча каражаттарына;
4) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация күбөлөндүрүлгөн датага карата менчик укугу соттук тартипте талашылып жаткан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларантка жол-жоболоштурулбаган ыктыярдуу декларациялоо объекттерине;
5) инсанга каршы кылмыш жолу менен алынган жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген террористтик ишти каржылоо фактылары боюнча кылмыш жолу менен алынган кирешелерге.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында белгиленген чектөөлөр "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген тартипте ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосун мурда аяктаган адамдарга жайылтылбайт, мында көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзамдын 11-беренесинде каралган декларациялоо объекттери үчүн белгиленген мамлекеттик кепилдиктер колдонулат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация (мындан ары - декларация) - ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөндөн кийин ушул Мыйзамда каралган тартипте мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелер аткарылды деп таануу фактысын ырастоочу жекече катар номери бар, бир нускада толтурулуучу документ;
2) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо (мындан ары - ыктыярдуу декларациялоо) - ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу декларациялоо объекттерине болгон укуктарды декларациялоо менен байланышкан иш-аракеттер;
3) декларациялык босого - 70000000 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндөгү мүлктүн жана кирешелердин наркынын декларациялануучу жыйынды суммасы;
4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк;
5) декларанттар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинде аныкталган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте милдеттенмелерди аткарган жеке адамдар. Ушул адамдар ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбөлөндүргөн декларацияны алган күндөн тартып декларант статусуна ээ болушат;
6) декларациялоо объекти - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте мурда жол-жоболоштурулбаган (декларацияланбаган) жана/же башка адамга жол-жоболоштурулган, ошондой эле сатып алууга иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) нарктан айырмаланган, бул мүлккө карата укуктарды сатып алуу боюнча келишимде көрсөтүлгөн декларант тарабынан жол-жоболоштурулган нарк боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары табылган мүлк жана кирешелер;
7) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр;
8) ыйгарым укуктуу кызмат адамы - ушул Мыйзам менен каралган тартипте декларацияны күбөлөндүрүүчү мамлекеттик нотариус.
2. Декларациянын формасы, аны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби, мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестринин формасы, ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4-берене. Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү жана мезгили
1. Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил болуп саналат, декларант бул мезгил ичинде ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.
2. Ыктыярдуу декларациялоо мезгили 2020-жылдын 1-январын кошо алгандагы мезгил болуп саналат, ушул Мыйзамга ылайык ыктыярдуу декларациялоого жаткан алардын эсебинен түзүлгөн жана/же сатып алынган мүлктүн эсебинен ушул аралыкта алынган кирешелер.
(КР 2021-жылдын 1-декабрындагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер
1. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер төмөнкүлөрдөн турат:
1) аны даярдоого кеткен чыгымдардын наркынан ашпоого тийиш болгон декларациянын бланкынын наркына акы төлөөдөн;
2) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн мамлекеттик алымдан;
3) эгерде ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашкан учурда, сумманын ашышына карабастан декларанттын тандоосу боюнча:
- декларациялоо объектисинин наркынан 1% өлчөмүндөгү акча каражаттарын киргизүү же;
- 7 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн декларанттын кирешесинин ар жылдык 5% декларациялоо объектинин наркынан 10% өлчөмүндө акча каражаттарын киргизүү.
2. Декларант тарабынан такталган декларацияны күбөлөндүрүү үчүн берилген учурда, төмөнкүлөр төлөнүүгө жатат:
- декларациянын бланкынын наркы;
- нотариалдык иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн мамлекеттик алым;
- ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн декларантты тандоо боюнча акча каражаттары, эгерде ушул акча каражаттары баштапкы декларацияны күбөлөндүрүүдө төлөөгө жатпаган, ал эми такталган декларацияда декларациялануучу мүлктүн наркынын суммасы декларациялык босогодон ашкан учурда.
3. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер төлөмдү аткаруу датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - КРУБ) курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төлөнөт.
4. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бирдиктүү казыналык эсебине жүргүзүлөт.
5. Ыктыярдуу декларациялоо үчүн төлөнгөн каражаттарды кайтаруу жүргүзүлбөйт.
6-берене. Декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин наркын баалоо тартиби
1. Декларациялануучу мүлктүн наркын баалоо укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин маалыматтарына ылайык же декларант тарабынан жол-жоболоштурулган бул мүлккө укуктарды сатып алуу боюнча келишимде көрсөтүлгөндөн айырмаланган мүлктү сатып алууга иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) нарк боюнча декларант тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эгерде мүлктү сатып алууга карата жана/же мүлктүн наркы сатып алынган датага карата же ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датага карата каражаттардын келип чыгуу булактары документ түрүндө ырасталбаган учурда, декларант декларацияны толтуруу датасына карата өз алдынча баалоону жүзөгө ашырат.
2. Чет элдик валютада декларациялануучу акча каражаттарын баалоо декларация толтурулган датага карата КРУБдун курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.
3. Декларацияда акциялардын, уставдык капиталдагы үлүштүн, пайдын наркы акциялары, үлүшү, пайы декларациялануучу субъекттин бухгалтердик эсебинде чагылдырылган эсептик нарк боюнча көрсөтүлөт.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, баалуу кагаздардын наркы декларацияда рыноктук нарк боюнча көрсөтүлөт.
7-берене. Ыктыярдуу декларациялоо тартиби
1. Декларант декларациянын бланкын сатып алуу үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылат.
2. Толтурулган декларация декларант же анын ишеним катынын негизинде иштөөчү өкүлү же мыйзамдуу өкүлү (мындан ары - өкүл) тарабынан ыйгарым укуктуу кызмат адамына төмөнкүлөрдү тиркөө менен берилет:
1) декларанттын инсандыгын ырастоочу документти;
2) өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документти;
3) декларанттын өкүлүнүн укугун тастыктоочу документти;
4) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн тиешелүү төлөмдөрдүн төлөгөндүгүн тастыктоочу төлөм документтерин;
5) мүлктүн жана кирешелердин декларациялануучу объекттерине декларанттын менчик укугун тастыктоочу документтерди;
6) декларация толтурулган датага чейин ошол банктагы декларанттын эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасын ырастоочу банктын маалымкатын.
3. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларанттан же анын өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларант жөнүндө маалыматтардын анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерге жана ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык декларацияга тиркелүүчү документтерге шайкештигин гана текшерет жана декларацияда коюлган колдун анык экендигин күбөлөндүрөт жана кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрине кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларацияланган датаны жана ошол декларацияны тапшырган адамдын жеке маалыматтарын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык милдеттенмелерди аткарууну киргизет.
Ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык декларант тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылат.
4. Декларациянын мазмунуна тиешелүү башка маалыматтар ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестрине киргизилбейт жана эч жерде белгиленбейт.
5. Күбөлөндүрүлгөн декларация декларантта сакталат.
6. Декларант ыйгарым укуктуу кызмат адамына ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилдин ичинде такталган декларацияны күбөлөндүрүү үчүн берүүгө укуктуу.
7. Декларант тарабынан такталган декларация берилген учурда баштапкы күбөлөндүрүлгөн декларация жараксыз деп таанылат.
8. Ушул беренеде каралган жол-жоболорду аткаруунун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларация, ал тапшырылган күнү декларантка берилет.
8-берене. Документтер
1. Декларация так отчеттук документ болуп саналат. Мөөрдү, декларациянын бланктарын сактоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Декларанттын же анын ишеним катынын негизинде аракеттенген өкүлүнүн инсандыгын ырастаган документ катары төмөнкүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
2) идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту;
4) кайрылман ырастамасы;
5) чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк жарандын паспорту/инсандыгын ырастаган документ жана убактылуу же туруктуу турган жерин же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жерин тастыктаган документтер.
3. Декларанттын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишеним каты нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Чет мамлекеттин нотариусу тарабынан берилген ишеним кат (мамлекеттик же расмий тилден айырмаланган тилде) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык апостилдештирүүгө/консулдук ыктыярдуу декларациялоого жатат.
4. Декларанттын мыйзамдуу өкүлүнүн укугун тастыктоочу документтер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) 16 жашка чыга элек декларанттын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн буйругу;
3) камкорчулук/көзөмөлчүлүк жөнүндө соттун чечими;
4) декларанттын өкүлү болуп саналган кызматкердин мекемесинен ишеним кат.
5. Тиешелүү декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктоочу төлөм документтери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) акча каражаттарынын которулганы жөнүндө банктын штампы менен күбөлөндүрүлгөн төлөм тапшырмасы;
2) банктын эсебине накталай төгүм жөнүндө квитанция.
6. Ыктыярдуу декларациялоо объектин декларантка кайра жол-жоболоштуруу декларациялануучу мүлктү менчикке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоого жаткан ыктыярдуу декларациялоо объектине менчик укугун ырастоочу документ болуп төмөнкүлөр саналат:
1) транспорт каражатынын паспорту;
2) кыймылсыз мүлккө менчик укуктарынын мамлекеттик реестринен көчүрмө;
3) акционердик коомдун акционерлеринин реестринен көчүрмө;
4) акционердик коомдорду кошпогондо, юридикалык жактын уюштуруу документтери.
8. Акциялардын, уставдык капиталдагы үлүшүнүн, пайдын нарктары акциялары, үлүшү, пайы декларациялануучу субъекттин бухгалтердик эсебинде чагылдырылган, субъекттин жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колу коюлган жана субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акциялардын, үлүштүн, пайдын эсептик наркы жөнүндө субъекттин маалымкаты менен тастыкталат.
9. Акча каражаттарынын бар экендиги жана суммасы декларанттын ошол банктагы эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын бар экендиги жөнүндө банктын маалымкаты менен тастыкталат.
9-берене. Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруу тартиби
1. Ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өтүүнүн натыйжасында декларанттын салыктык милдеттенмелер, бажы төлөмдөрү, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр, ошондой эле төмөнкүлөрдөн келип чыккан бул милдеттер боюнча айыппулдар, пайыздар жана туумдар боюнча милдеттенмелери аткарылды деп таанылат:
1) алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекти сатып алынган ыктыярдуу декларациялоо мезгилинин ичинде кирешелерди алуудан;
2) декларант тарабынан декларацияда көрсөтүлгөн ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин эсебине өткөрүп берүү (кайра жол-жоболоштуруу), жайгаштыруу боюнча ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде жасалган операцияларга карата.
Бул милдеттенмелерге карата декларация күбөлөндүрүлгөн датадан тартып ыктыярдуу декларациялоо жол-жоболору аяктаган датага чейинки мезгилде жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери демилгеленбейт, бузуулар жана башка териштирүүлөр жөнүндө иштердин өндүрүшү ачылбайт.
2. Ушул берене ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датадан мурда отчет берген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кошумча кошуп эсептелген, бирок алар боюнча милдеттенмелер аткарылбаган бюджетке милдеттүү төлөмдөргө карата колдонулбайт.
10-берене. Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосун аяктоо
Декларант же анын өкүлү ушул Мыйзамдын жоболорун сактоо менен ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган учурдан тартып ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосу аткарылды деп эсептелет жана ыктыярдуу декларация жүзөгө ашырылган жылдын жыйынтыктары боюнча декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин наркынын суммасын декларанттын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүү менен аяктайт.
Ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган декларант ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант катары таанылат.
11-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
1. Аларга карата ыктыярдуу декларациялоо жол-жоболору толук аяктаган, алардын эсебинен ыктыярдуу декларациялоо объекттери түзүлгөн жана/же сатып алынган кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин:
1) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптар коюлушу мүмкүн эмес;
2) ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант бузуу үчүн жоопкерчиликке жана/же бюджетке төмөнкү милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатпайт:
а) кирешелерди алуу жана/же мүлктү сатып алуу мезгилинин жыйынтыктары боюнча тиешелүү отчетто көрсөтүлбөгөн;
б) ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү ичинде мүлктү кайра жол-жоболоштуруу боюнча жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында мыйзамга ылайык кошуп эсептелүүгө жаткан.
Ушул беренеде каралган мамлекеттик кепилдиктер декларация күбөлөндүрүлгөн жылдын жыйынтыктары боюнча декларант бирдиктүү салык декларациясын берген дата менен декларацияны күбөлөндүргөн датанын ортосундагы мезгил ичинде, бирок Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтү аяктаган датадан кечиктирбестен ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларантка карата жайылтылат.
2. Ушул Мыйзамга ылайык декларанттын ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өтүүсү террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактылары аныкталган учурлардан тышкары, декларантты жана мүлктү кайра жол-жоболоштурууга катышуучу адамды жазык жоопкерчилигинен бошотууга негиз болуп саналат.
3. Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларантка карата жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери, бузуулар жана тартиптик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу үчүн негиз катары төмөнкүлөр колдонулбайт:
1) декларантка декларациялануучу мүлккө болгон менчик укугун өткөрүп берүүнү жол-жоболоштуруу менен байланышкан документтер;
2) декларацияны жана ага тиркелген документтерди берүү фактысы;
3) декларацияда жана ага тиркелген документтерде камтылган маалыматтар.
4. Декларацияда жана ага тиркелген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык жана салыктык жашыруун сыр болуп таанылат.
Ыйгарым укуктуу кызмат адамы жана ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант мындай маалыматтар менен документтерди сактоо режимин жана аларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Башка мамлекеттик же мамлекеттик эмес органдар жана уюмдар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактыларын текшерүү учурларын кошпогондо, мындай маалыматтарга жана документтерге жеткиликтүүлүккө укуксуз.
5. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) декларациянын көчүрмөсүн алууга;
2) такталган декларацияны же анын көчүрмөсүн берүүдө баштапкы декларацияны кошпогондо, декларацияны берүүнү талап кылууга.
6. Ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларант салыктык милдеттенмелер, бажы төлөмдөрү, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр, ошондой эле бул милдеттенмелер боюнча айыппулдар, пайыздар жана туумдар боюнча декаларанттын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча далил катары декларациянын көчүрмөсүн берүүгө укуктуу.
7. 2020-жылдын 1-январына чейин алынган жана/же сатып алынган декларациялануучу мүлккө жана кирешелерге карата бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарылды деп таануу фактысын кошпогондо, декларация укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналбайт.
8. Мамлекет ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөн декларантка төмөнкүлөргө кепилдик берет:
1) алынган кирешелерге жана/же сатып алынган мүлккө карата милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотууга:
а) кирешелерди алган жана/же мүлктү сатып алган мезгилдин жыйынтыктары боюнча тиешелүү отчетто көрсөтүлбөгөн;
б) ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде мүлктү кайра жол-жоболоштуруу боюнча операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында мыйзамдарга ылайык кошуп эсептелүүгө жаткан;
2) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотууга;
3) ыктыярдуу декларациялоо объекттерине карата купуялуулукту (жашыруун сырды) камсыз кылууга;
4) декларацияда көрсөтүлгөн ыктыярдуу декларациялоо объекттери боюнча бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарууда декларантка карата кийин жоопкерчилик чараларын колдонбоого.
9. Мамлекеттик органдын кызмат адамы ушул берененин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Ушул Мыйзамды колдонууда келип чыккан бардык карама-каршылыктар декларанттын пайдасына чечмеленет.
12-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чечимдерди даярдасын жана кабыл алсын;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгүндө жеке адамдардын ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө маалыматтык кампанияны жүргүзүү үчүн каражат карасын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
Т.Т. Мамытов |
2020-жылдын 5-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|