Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-декабры № 4299-VI
"Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө
"Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча жүргүзүлгөн жумуш тууралуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиеванын маалыматы эске алынсын.
2. "Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушу жетиштүү эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- үй бүлөлүк зомбулук учурларынын алдын алуу, бөгөт коюу жана жол бербөө максатында үзгүлтүксүз мониторинг тутумун жүзөгө ашыруу жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо боюнча жумуштардын планын иштеп чыксын;
- Кыргызстанда аялдарга каршы зомбулукка жол бербөө боюнча чаралардын натыйжалуулугун күчөтүү үчүн ар түрдүү уюмдарга тутумдуу таасир кылуу механизмин түзсүн;
- зомбулуктун курмандыктарына укуктук, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлеринин дараметин жогорулатсын;
- үй бүлөлүк зомбулукка учураган жарандардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү Саll-борборду түзсүн;
- ушул токтомду аткаруу боюнча жумуштардын натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2021-жылдын 10-мартына чейин маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарууну көзөмөлгө алууну камсыз кылсын;
- үй бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөөнү жүзөгө ашырууга контролду күчөтсүн;
- үй бүлөлүк зомбулуктун бардык фактыларын текшерүүнү жүргүзсүн, бардык кызмат адамдарынын, анын ичинде судьялардын аракеттерине юридикалык баа берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги:
- билим берүүчү жана башка мекемелерде, ишканаларда адам укуктарынын контекстинде үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча коомчулукка кеңири маалымат берүүнү жүргүзсүн;
- сергек жана туура жашоо ыңгайын түзүүгө багытталган социалдык чыгырыктарды даярдасын жана жайгаштырсын;
- зомбулук маселелери боюнча маалыматтарды жыйноо жана талдоо тутумун жакшыртсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- үй бүлөлүк зомбулук фактыларына жол бербөө боюнча жумушту күчөтсүн;
- милиция кызматкерлеринин (ыйгарым укуктуу участкалык инспекторлордун) арасында үй бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылууларга өз убагында чара көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү жумуштарын ар дайым жүргүзсүн;
- үй бүлөлүк зомбулукка учураган адамдардын укуктарын толук кандуу коргоону камсыз кылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |