Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-июлу № 4788-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Ишенимсиз (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Ишенимсиз (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Ишенимсиз (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын четке кагуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4699-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |