Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-сентябры № 4856-VI
"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2021-жылдын 28-октябрына чейин узартылсын.
2. "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттагы "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2021-жылдын 28-октябрына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |