Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI
«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле «Вега» радиокуруу концерни» акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 4655-VI, 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4856-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан ушул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын ар тараптуу иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
С.М.Джураев;
Р.Ч.Момбеков - "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;
М.А.Маматалиев;
А.К.Бешимбаева - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;
Б.Нурдинов;
У.Ч.Садиков - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын;
М.А.Абдалиев;
О.Ж.Турдумамбетов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
А.Ж.Осмонов;
М.С.Бакиров - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Б.К.Аманова
Ш.И.Абдылдаев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарыл болгондо ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу.
4. Комиссия 2021-жылдын 28-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4856-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | Т.Т. Мамытов |