Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-сентябры № 4887-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 19-майында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Бекешев Дастан Далабайевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, макулдашуу тобунун төрагасы;
2) Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Кенжематов Бектурсун Кенжематович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
4) Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
5) Алиев Бекболот Абдыганыевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.".
Төрага | Н.О. Сыдыгалиев |