Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-июлу № 4757-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4887-VI токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 19-майында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Бекешев Дастан Далабайевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, макулдашуу тобунун төрагасы;
2) Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Кенжематов Бектурсун Кенжематович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
4) Жаманкулов Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
5) Алиев Бекболот Абдыганыевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары.
(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4887-VI, 2021-жылдын 20 октябрындагы № 4942-VI токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.О. Сыдыгалиев |