Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябры № 4918-VI
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн төмөнкү курамда дайындоого макулдук берилсин:
1) Жапаров Акылбек Усенбековичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси кызмат ордуна;
2) Кожошев Арзыбек Орозбековичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна;
3) Аалиев Азиз Кубанычбековичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна;
4) Байсалов Эдиль Жолдубаевичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна;
5) Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичти - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
6) Амангельдиев Данияр Джолдошевичти - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри кызмат ордуна;
7) Бакетаев Алмаз Кушбековичти - Кыргыз Республикасынын финансы министри кызмат ордуна;
8) Казакбаев Руслан Айтбаевичти - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри кызмат ордуна;
9) Баетов Аяз Батыркуловичти - Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызмат ордуна;
10) Осоев Эркинбек Арстанбековичти - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызмат ордуна;
11) Джаныбеков Аскарбек Сапарбековичти - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри кызмат ордуна;
12) Бекмурзаев Доскул Джумагуловичти - Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызмат ордуна;
13) Кутманова Динара Асиевнаны - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызмат ордуна;
14) Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичти - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызмат ордуна;
15) Купешев Болотбек Душековичти - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна;
16) Жаманкулов Азамат Капаровичти - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызмат ордуна;
17) Базарбаев Кудайберген Базарбаевичти - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна;
18) Бекболотов Бактыбек Асанкалиевичти - Кыргыз Республикасынын коргоо министри кызмат ордуна;
19) Ниязбеков Улан Омокановичти - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызмат ордуна;
20) Ажикеев Бообек Эргешевичти - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызмат ордуна.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |