Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-октябры № 4943-VI
“Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Т.Б.Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктун, 125-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу 2021-жылдын 15-октябрынан тартып ыйгарым укугун токтотуу менен Мамытов Токтокучук Болотбекович Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага | Т.Т. Мамытов |