ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4943-VI «Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Т.Б.Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө» токтому

Редакция20.10.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 20-октябры № 4943-VI

“Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Т.Б.Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктун, 125-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу 2021-жылдын 15-октябрынан тартып ыйгарым укугун токтотуу менен Мамытов Токтокучук Болотбекович Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет

 

Төрага

Т.Т. Мамытов