Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-июну № 4655-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын 2021-жылдын 10-июнундагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Аманова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI токтому менен түзүлгөн "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан аны чыгаруу менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Атазов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4576-VI токтому менен түзүлгөн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле "Вега" радиокуруу концерни" акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан аны чыгаруу менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI токтому менен түзүлгөн "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
Төрага | Т.Т. Мамытов |