Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 133
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Темир жол транспорту жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Темир жол транспорту жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Темир жол транспорту жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2016-жылдын 29-июлундагы № 66 "Эркин-Тоо" гезити) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү, таңгакталган жол жүгүн жана почта жөнөтүүлөрүн темир жол транспорту менен ташууну жүзөгө ашырууда ташуучулардын, мамлекеттик органдардын, жүргүнчүлөрдүн, жүк жөнөтүүчүлөрдүн (жөнөтүүчүлөрдүн), жүк алуучулардын (алуучулардын), башка жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Темир жол транспорту Кыргыз Республикасынын бирдиктүү транспорт тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Темир жол транспорту жалпы пайдалануудагы темир жол транспортунан, жалпы пайдалануудагы эмес темир жол транспортунан, ошондой эле технологиялык темир жол транспортунан турат.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, милдеттери жана принциптери
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп темир жол транспортунун транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракетте иштешин камсыз кылуу, мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн өз убагында камсыздоо, экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык мейкиндиктин биримдигин камсыз кылуу саналат.
2. Бул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттин, темир жол ташууларын жүзөгө ашыруучу жана кызмат көрсөтүүчү темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;
2) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо;
3) коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыктуулугун камсыз кылуу, темир жол кызмат көрсөтүүлөрүнүн ички рыногун коргоо;
4) коопсуз темир жол ташууларын жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү.
3. Темир жол транспортунун иштеши төмөнкү принциптерден улам жүзөгө ашырылат:
1) инфратүзүмдөрдүн бүтүндүгүн сактоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана инфратүзүмдүн алкагында ташуу процессин борборлоштурулган диспетчердик башкаруу;
2) магистралдык темир жол тармагын жана темир жол транспортунун кыймылдуу курамын өнүктүрүү;
3) темир жол транспортунун ишинин туруктуулугу жана динамикалык өнүгүшү;
4) транспортту өнүктүрүү;
5) көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;
6) темир жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу;
7) атаандаштыкты өнүктүрүү жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн өнүккөн рыногун калыптандыруу;
8) мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу;
9) мамлекеттин бирдиктүү транспорт тутумунун иштешинин ырааттуулугу;
10) темир жол транспортун өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик органдардын чарбалык ишке мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн эркин ишкердиктин шарттарын түзүү;
11) айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу;
12) темир жол транспортунун мобилизациялык даярдыгын колдоо.";
3) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Бул Мыйзамдын аракети менчигинин түрүнө карабастан, темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу темир жол транспорту чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
Аскердик темир жол ташууларын камсыз кылууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөр жана коргонуу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.";
4) 3-беренесинде:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 38-пунктундагы "башка имараттар, темир жол байланыш түзүлүштөрү" деген сөздөр "башка имараттар, темир жол сигнализациясынын жана байланышынын түзүлүштөрү менен курулмалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 46-49-пункттар менен толукталсын:
"46) жүк ташуу төлөмү - темир жол транспорту менен жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн төлөм;
47) жалпы пайдалануудагы темир жол транспорту - темир жол транспортунун инфратүзүмүн, темир жол кыймылдуу курамын, башка мүлктү өзүнө камтыган жана темир транспорту менен жол ташууларга жеке жактардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган өндүрүштүк-технологиялык комплекс;
48) жалпы пайдалануудагы эмес темир жол транспорту - өндүрүштүк процесстерди транспорттук тейлөөнү жана транспорттук кызматтарды көрсөтүүнү, ошондой эле башка уюмдар жана жалпы пайдалануудагы транспорт менен байланышты камсыз кылуучу жалпы пайдалануудагы эмес темир жол транспортунун техникалык каражаттарынын жана курулмаларынын комплекси;
49) технологиялык темир жол транспорту - жүктөрдү ташуу жана темир жол кыймылдуу курамы менен баштапкы жана акыркы операцияларды аткаруу үчүн арналган темир жол транспорту.";
5) 5-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 6-беренесинде:
а) 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 8-беренесиндеги түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 9-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 10-беренесиндеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 11-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү белгилөөнүн тартиби, алардын өлчөмдөрү, пайдалануу эрежелери, күтүү, оңдоо, куруу жана ушул максаттар үчүн бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
11) 12-беренесиндеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 13-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 14-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 15-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 16-беренесиндеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 18-беренесинин экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 19-беренесиндеги "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18) 21-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Эл аралык ташууларды камсыздандыруу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.";
19) 22-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2013-жылдын 30-июлундагы № 63-64 "Эркин-Тоо" гезити) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы преамбула менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын максаты болуп жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктү автобустар, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер , анын ичинде автомобилдик чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди пайдалануу менен ташууларды камсыз кылууга автомобиль транспорту чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда укуктук негизди түзүү эсептелет.";
2) 5-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
3) 6-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктундагы "ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө мыйзамдардын" деген сөздөр "ЕАЭБдин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу" техникалык регламентинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 7-беренесинин экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 8-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-беренесинин 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
7) 10-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 11-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 12-беренесинин аталышындагы жана биринчи абзацындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 13-беренесинин 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр ", анын ичинде санариптик форматта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 16-беренесинин 2, 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 19-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 6-пунктундагы "жана Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилеген ченемдердин чектеринде" деген сөздөр алып салынсын;
13) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
14) 27-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 29-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жүк ташууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу максатында жүк жөнөтүүчү товардык-транспорттук баракчага санитардык, бажылык, карантиндик документтерди, ошондой эле тастыктамаларды, сапат паспортторун, күбөлүктөрдү тиркеп коюуга милдеттүү.";
16) 44-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 56-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|