Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 5054-VI
"Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасы 282112890,6 миң сом, ИДП карата 39,2% салыштырма салмагы менен, кирешелер боюнча 2023-жылга болжол - 295853377 миң сом суммасында, 2024-жылга - 312163485,8 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасы 291234571,0 миң сом, ИДП карата 40,5% салыштырма салмагы менен, 2023-жылга болжол - 303530378,9 миң сом суммасында, 2024-жылга - 303858292,0 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин тартыштыгынын чегине жеткен өлчөмүнүн суммасы 9121680,4 миң сом, ИДП карата 1,3% салыштырма салмагы менен, 2023-жылга болжолдонгон тартыштык - 7677001,9 миң сом суммасында, 2024-жылга - 8305193,8 миң сом суммасында;
- тартыштыкты жабуунун ички булактары боюнча терс сальдонун суммасы - 1851999,3 миң сом, тышкы булактар боюнча оң сальдонун суммасы 10973679,7 миң сом;
- шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттери үчүн жалпы мамлекеттик салыктан түшкөн чегерүүлөрдүн ченемдери 2022-жылга карата "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 10-беренесине ылайык белгиленген;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин резервдик фондунун өлчөмү 2022-жылга - республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынын 0,02% көп эмес же 30,0 млн. сом, 2023-жылга - 30,0 млн. сом суммасында, 2024-жылга - 30,0 млн. сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) төмөнкү чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ушул токтомго карата тиркемеде баяндалган сунуштарын аткаруу боюнча жана алар боюнча 2022-жылдын 1-апрелине карата маалымат берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата корутундуда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамаларын аткаруу боюнча;
2) "топтолгон финансылык резервдер" беренеси боюнча каражаттарды бөлүштүрүүдө төмөнкүлөрдү карасын:
- дары-дармек менен камсыз кылуу, алдын алуу жана социалдык олуттуу ооруларды (онкология, кант диабети, В, С, Д гепатити, кургак учук, паллиативдик жардам, омуртка-булчуң атрофиясы, жайылма склероз, гемофилия) дарылоо маселелерин чечүү үчүн 1000,0 млн. сом өлчөмүндө каражаттарды бөлүүнү;
- 2022-жылга капиталдык салымдарды финансылоого каражаттардын көлөмүн 1000,0 млн. сом суммасына көбөйтүүнү;
3) товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүнө байланыштуу "капиталдык салымдар" беренесинин объекттери боюнча кайра эсептөөлөрдү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жазуу жүзүндө кабыл алынган жана жыйында стенограммага ылайык айтылган сунуштарды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |
«Кыргыз Республикасынын
2022-жылга республикалык бюджети
жана 2023-2024-жылдарга болжолу
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда
кабыл алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын« » №
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштары
КР ЖК депутаттары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Суммасы, млн. сом. |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каражаттарды караштырсын: |
|
А.К. Касымалиева | Ош областынын Өзген району боюнча: -Мырза-Арык айыл өкмөтүнүн Кароол айылындагы бала бакчанын жаңы имаратынын курулушуна: Нарын областынын Нарын району боюнча: -Таш-Башат айылындагы спорттук комплекстин |
|
| курулушун куруп бүтүрүүгө; | 10.5 |
А.Т. Алтыбаева | Ош шаары боюнча: |
|
| - № 53 орто мектептин спорт залынын курулушуна; | 17,0 |
| - И.Раззаков атындагы мектептин курулушуна; - Ош областынын Кара-Суу району боюнча: - Сары-Колот айыл өкмөтүндө Н. Исанов атындагы | 37,0 |
| № 3 орто мектептин курулушуна; - Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө жаңы мектептин | 40.8 |
| курулушуна; | 60,0 |
| - Жаны-Арык айыл өкмөтүндө бала бакчанын курулушуна; - Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылында орто | 30,0 |
| мектептин курулушуна;
- Савай айыл окмөтүнүн Октябрь айылында мектептин | 60,0 |
| спорттук залынын курулушуна; - Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылында | 17,0 |
| мектептин кошумча корпусунун курулушуна; - Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө С. Нышанбаев атындагы | 23,0 |
| орто мектептин капиталдык ремонтуна; - Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө Н.Бапыгулов атындагы орто | 25,0 |
| мектептин капиталдык ремонтуна; Ош областынын Ноокат району боюнча: - Кок-Жар айылында көп профилдүү оорукананын | 12,0 |
| курулушун бүтүрүүгө; | 147,0 |
Г.К. Асылбаева | Ысык-Көл областынын Ак-Суу району боюнча: - Жылдыз айылында жаңы мектептин курулушуна; - Чүй областынын Сокулук району боюнча: - Сокулук айылында № 114 кесиптик лицейдин капиталдык ремонтуна; |
|
У.З. Ормонов | Ош областынын Өзгөн району боюнча: - Зергер айыл өкмөтүнүн Токтогул айылында Д. Шопоков |
|
| атындагы орто мектептин курулушун аяктоого; |
|
| - Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылында орто мектептин курулушуна; - Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Бостон айылында орто мектептин спорт залынын курулушуна; - Баш-Төбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылында бала бакчанын курулушуна; - Кароол айыл өкмөтүнүн Мырза-Арык айылында «Мырза- Арык» бала-бакчасынын жаны имаратынын курулушуна; - Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Өзгөн-Кашка-Терек автожолунун 2 чакырымын асфальттоого; - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөн-Өзгөрүш автожолунун 2 чакырымын асфальттоого; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат үчүн кошумча каражат бөлүүгө; |
27,3 |
А.А. Алтынбеков | Жалал-Абад областынын Базар-Коргон району боюнча: - Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор айылында 50 орундук бала бакчанын курулушуна; - Могол айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылында №41 Жусупалы уулу Жолдош атындагы орто мектептин кошумча корпусунун курулушуна; - Чоң-Курулуш айылыида №44 А. Жумабаев атындагы орто мектептин курулушуна; |
|
Э.Т. Токтошев | Ош областынын Кара-Кулжа району боюнча: - Алайкуу айыл өкмөтүндө Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушуна; - Капчыгай айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылында Ы.Жорокулов атындагы орто мектептин курулушуна; - Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылында ичүүчү суу, сугат суу (бетон лотоктор) менен камсыздоого; Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунда суу өткөргүч курулма, 57+300 чакырым. Майтаркан участогу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемесине кошумча каражат бөлүүгө; |
23,8 |
Т.Т. Мамытов | Жалал-Абад областынын Ноокен району боюнча: - Масы-Кызыл-Туу автожолунун 3 чакырымдык курулушуна; - Майлы-Суу автожолунун 3,5 чакырымдык курулушуна; - Маданият-Бүргөндү автожолунун 1,5 чакырымдык курулушуна; - Жазгак жана Момбеков айыл округдарында спорт залдын курулушун аяктоого: - Сакалды айыл өкмөтүнүн Шалка айылында орто мектептин курулушун аяктоого; |
|
М.Б. Эгембердиев | Жалал-Абад областы боюнча: - Көк-Жаңгак шаарында № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде спортту өнүктүрүүгө; - Кара-Көл шаарында № 1 гимназия-мектебинин курулушун аяктоого; |
1,2
5,0 |
Т.К. Конушбаев | Чуй областынын Жайыл району боюнча: - Суусамыр айылында Маданият үйүнүн курулушун аяктоого; |
8,0 |