КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 29-VII «Э.Ж.Осконбаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-февралы № 29-VII
Э.Ж.Осконбаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Эмиль Жолдошевич Осконбаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Т.Т. Мамытов |