Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-декабры № 5067-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | А.К. Касымалиева |