Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-январы № 20-VII
Талантбек Орускулович Имановду Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 586 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Талантбек Орускулович Имановду Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4956-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиева |