Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 10-февралы № 54-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 18-майындагы № 248-VII, 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1990-VII, 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 2348-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Чынгыз Ильяскожоевич Ажибаев;

Султанбай Абдрашитович Айжигитов;

Гуля Акматкуловна Кожокулова;

Эрулан Калчороевич Кокулов;

Жылдыз Эсенбековна Садырбаева;

Медербек Джаманкулович Саккараев;

Эльдар Нурланович Сулайманов.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 18-майындагы № 248-VII, 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1990-VII, 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 2348-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1.1. Гуля Акматкуловна Кожокулова Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасы болуп шайлансын.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII токтомунун редакциясына ылайык)

1.2. Султанбай Абдрашитович Айжигитов Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасынын орун басары болуп шайлансын.".

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII токтомунун редакциясына ылайык)

 

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Төраганын орун басары

У.Б. Примов