Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябры № 566-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
2) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович киргизилсин жана ал делегациянын башчысы болуп бекитилсин.
2. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
2) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович киргизилсин жана ал делегациянын башчысы болуп бекитилсин.
3. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана текстиндеги "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн" деген сөздөр "Түрк мамлекеттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
3) Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович киргизилсин жана ал делегациянын башчысы болуп бекитилсин.
4. "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 49-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
2) Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович киргизилсин жана ал делегациянын башчысы болуп бекитилсин.
5. "Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 52-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
2) Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович киргизилсин жана ал делегациянын башчысы болуп бекитилсин.
6. "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 53-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынан курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
2) Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынан курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович киргизилсин жана ал делегациянын башчысы болуп бекитилсин.
7. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 56-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамынан Мамытов Талант Турдумаматович чыгарылсын;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович киргизилсин жана ал делегациянын башчысы болуп бекитилсин.
8. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан Нарматова Надира Азимовна чыгарылсын.
9. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 58-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамына Нарматова Надира Азимовна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О.Сыдыгалиев |