Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-февралы № 73-VII
Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун коопсуздугун жана жалпы облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, чек ара аймактарда жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо үчүн, жарандардын жана мамлекеттин маанилүү кызыкчылыктарын коргоо боюнча облустун жергиликтүү бийлик органдарынын жана калкынын сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылсын;
2) "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган иш-чараларды ишке ашыруу максатында 2022-жылга республикалык бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
3) "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын Баткен облусунун тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди күчөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды демилгелесин;
4) 2022-жылга "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого сунуш кылынган Баткен облусу боюнча курулуш объекттеринин тизмегине бүткөрүлбөгөн социалдык багыттагы объекттерди жана инфратүзүмдөрдү, өзгөчө чек ара аймактарында турган объекттерди киргизсин;
5) Тажикстан Республикасы менен чек арадагы жаңжалдарда жабыркаган Баткен облусунун тургундарына компенсацияларды 2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө толук көлөмдө төлөө үчүн финансылык каражаттарды тапсын;
6) Баткен облусунун тургундарынын жабыркаган мүлкүн объективдүү баалоо үчүн жаңыдан түзүлгөн комиссия менен бирдикте жана коомдук активисттердин катышуусу менен, ар бир конкреттүү учур боюнча кайрадан текшерүүнү жүргүзсүн жана мүлктүн бузулушунун же болбосо жоголушунун табылбаган фактылары табылган учурда кошумча төлөмдөрдү жүзөгө ашырсын;
7) Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактарда туруктуу кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын акчалай үлүшүн көбөйтүү жөнүндө маселени чечсин;
8) "Ак-Сай - Рават", "Ак-Сай - Тамдык" айланма автожолдун жана жергиликтүү калк эвакуациялануучу бардык айланма жолдордун курулушун бүтүрсүн;
9) 2022-жылга республикалык бюджеттен каржылануучу Курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегине Кара-Бак айылы аркылуу Баткен шаарынын айланма автожолун киргизсин же болбосо каржылоонун башка булактарын карасын;
10) "2021 - 2035-жылдары Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 токтомунун 2-тиркемесине ылайык, 2022-жылга белгиленген иш-чараларды жана объекттерди толук көлөмдө каржылоону жүзөгө ашырсын жана курулушун бүтүрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Бишкек-Исфана-Бишкек" жана "Бишкек-Баткен-Бишкек" маршруттары боюнча туруктуу авиарейстердин санын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын жана чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |