Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-марты № 76-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы жыйналышынын кун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Эрикович Жамгырчиевдин ант берүүсү;
«2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014 жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле «Вега» радиокуруу концерни» акционердик коому тарабынан долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо жөнүндө;
Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалымат жөнүндө;
«Жашыл Кыргызстан» эки айлыгын өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага | Т.Т. Мамытов |